Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров көшөгө артынан саясый күчтөр менен тымызын сүйлөшүп келет. Аз күндө толук кандуу бир чечимге келсе, шайлоого аттануу үчүн көздөгөн партияга токтосо эле ээлеп отурган кызматын тапшырып, аламанга ат коёру айныгыс чындык. Азырынча “соодалашуусу” кызуу жүрүп аткан чак. Эмесе, Улукбек Кочкоровдун ордуна министр болуп келе турган талапкерди Акүйдүн аппараты караштыра берсе болот.
«Азия Ньюс»