Домой Коом Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат

Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат

75

Бүгүн, 2-ноябрда Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат. Чогулган аялдар өлкөдөгү мыйзамсыздыкка каршы чыгып жатышат.

Алар кошо ала келген плакаттарды Ак үйдүн темир тосмосуна чаптап коюшту.

Ошондой мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, мурдагы депутаттар Мээрбек Мискенбаев жана Равшан Жээнбековду, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевди жана башка камакка алынган Атамбаевдин тарапташтарын колдоп чыгышканын билдиришти.

Алар сот процесстерин ачык өткөрүү, саясий куугунтукту токтотууну, Конституцияны өзгөртпөөнү талап кылышты.

«Түрмөдөн чыгып, кызматка дайындалып жатышат. Мындай нерсе дүйнө жүзүнүн эч бир жеринде жок», — деди «Айымдар кыймылынын» өкүлү Нургүл Кожомбердиева.

Ал Горький сейил багында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялоону пландашканын, бирок аларга боз үй тигүүгө уруксат берилбегенин айтты.

булак: barakelde