Домой Коом Ак-Торпок айылында жер алдынан диаметри 64 метр болгон байыркы коргон табылды. (сүрөт)

Ак-Торпок айылында жер алдынан диаметри 64 метр болгон байыркы коргон табылды. (сүрөт)

306

Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагына караштуу Ак-Торпок айылында жер алдынан диаметри 64 метр болгон байыркы коргон табылды. Бул тарыхый табылганын чоо-жайы боюнча аймактык кабарчы жооп издеди.

Ак-Суу айыл аймагында Ак-Башат, Темен-Суу, Бала-Айылчы, Кепер-Арык, Чоң-Арык, Мураке жана Ак-Торпок айылдары жайгашкан. Калкынын саны 9,5 миңден ашуун. Элдин басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Аймакта бир да өнөр жай ишканасы жок. Ошондуктан Ак-Торпок айылына керамзит заводун куруу максатында инвестор тартылган.

«Аларга бош жаткан 3,6 гектар жерди айыл тургундарынын макулдугу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары чечим чыгарып бергенбиз. Эгерде мерчемделген иш-аракет турмушка ашса, көпчүлүк жаштар иш орун менен да камсыз болот. Экинчиден, айыл аймагында өнөр жай ишканасы иштейт. Ушул жумуштарды баштоодо атайын адистердин изилдөө бүтүмү керек болгон. Натыйжада ошол аймакта таң калычтуу тарыхый табылга табылды. Атайын техника менен жерди сүргөндө катар тизилген таштар чыкты. Жер алдынан коргон табылды. Биз буларды алгачкы жолу көрүп отурабыз. Бул жерге союз учурунда жүзүм өстүрүлүп, кайра жоюлуп кеткен», — деди айыл өкмөтүнүн башчысы Жаркын Осмонкулова.

Ал эми 53 жаштагы жеке ишкер Бекболот Мукашов мындайча баяндайт: «Ак-Суу айыл аймагындагы капчыгай өрөөнүндө керамзит кору бар. Ошону иштетүү боюнча жергиликтүү бийлик эл менен кеңешип, Ак-Торпок айылындагы бош жаткан 3,6 га жерди алганбыз. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, Маданият министрлигине кайрылдык. Алар ал жерде байыркы коргондор болгондуктан изилдөө иштерине тарыхчы-археологдорду тартышкан. Алар диаметри 64 метр болгон коргон табышты».

Тарыхчы-археолог Аида Абдыканова: «Ооба, бул ишке тарыхчы-археологдордон Орозбек Солтобаев экөөбүз кириштик. Мындан 2 ай мурда жергиликтүү ишкер изилдеп көрүү (экспертиза) максатында кайрылган. Алдын ала ал жерди асмандан дрон менен тартып көрдүк. Андан соң сары издерди байкадык. Жумушчулар жердин үстүңкү кыртышынан 30-40 сантиметрдей тазалаганда ичи таш менен толтурулган 8 ири шакекче коргон пайда болгон. Анын так ортосунан көрүстөн табылган. Коргондун диаметри 64 метр. Ар бир шакекченин аралыгы 1,6-2 метрдей. Көрүстөндүн аянты 6,4 чарчы метр, тереңдиги бүгүнкү күндө 4-5 метр. Бул өтө табышмактуу тарыхый табылга. Мындай 8 шакектүү коргон Борбордук Азияда болгон эмес. Кыргызстандын Чүйдөгү Москва районунда табылып отурат. Тарыхый маалымат булактарында маалым болгондой, Соң-Көл жана Алай жергесинде 2-3 шакектүү көрүстөн табылган. Биздин болжолдуу маалымат боюнча, коргон сак жана усун доорлоруна туура келет», — деди.

Бул окуя боюнча айрым жергиликтүүлөр: «Тээ байыркы заманда хан, падыша, уруу башчылары, ак сөөктөр же анын жакындары каза болгондо анын мүрзөсү терең, кең казылып, үй сымал бөлмөгө бөлүнүп, ошол жерге сөөгү коюлган. Тиги дүйнөдө да жашоо уланат деген ишеним менен идиш-аяк, буюмдарын, мал-жандыктарын, кийимдерин, күмүш, алтындарын, кээде жакын адамдарын, жоокер болсо аскер жабдыктарын кошо көмүшкөн. Ал эми биз уккан көрүстөндөн малдын сөөктөрү табылган дешет. Адамдын сөөгү дайынсыз. Кандай болгон күндө да изилдөөнү талап кылуучу таң калычтуу табылга. Бул жерде кайсыл белгилүү адамдын сөөгү коюлду экен? Көрүстөндөгү кабатталган шакекче болуп тизилген таштар бар. Айрымдар качандыр бир мезгилде бул көрүстөнгө адамдар кирген деген туңгуюк маалыматты да айтууда. Ичиндеги топурагы жумшалып, бирөө бир нерселерди издеген сымал. Издерге караганда күмүш, алтындар, баалуу буюмдар чыгарылып кеткендей. Мүмкүн адамдын сөөктөрү да алынып кетсе керек. Албетте, бул божомол. Андан бери жүздөгөн, миңдеген жылдар өттү. Коргондолгон көрүстөн сак жана усун доорлоруна туура келсе, анда биздин замандын I-II кылымы десек болот»

 

булак: turmush.kg