Атамбаевдин “шоопуру”, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын соттук териштирүүдө жар салды. Ал бул боюнча: “Мага тагылган айыптардын баарын четке кагам. Мен айыптуу эмесмин. Мага тагылган айыптардын бирин да эч качан мойнума албайм. Сотто көрсөтмө беришкен күбөлөрдүн бирин да тааныбайм, алар да мени таанышпайт. Бир гана Чыныбек Анарбек уулун тааныдым. Аны да партиялаш катары эле билем” — деп билдирди. Кыскасы, башты чакпагыла дегенди кыйытты.
Булак: Фабула