“Ойнош оттон ысык, боктон сасык” – демекчи, бүгүнкү каарманыбыздын турмушу өзүн башка аялга алмаштырган жеңил ойлуу күйөөсүнүн айынан бузулган экен. “Күйөөмдүн кесепетинен” эмнегедир башка эркектерге да ишенбей калдым. Учурда дагы бойдок болгондуктан өзүмө ылайыктуу мырзаларды издеп жүрөм” – деп баса бегилеген Айжан өзүнүн кайгылуу тагдыры тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берди.
– Күйөөмдү көзүмө чөп салат эч ойлогон эмес элем. Эмесе кеп башынан болсун. Шаарда үйүбүз жок болгондуктан эки жылдан бери батирде турганга мажбур болдук. Бир короодо беш үй-бүлөдөн тышкары батирдин кожойкеси да жашачу. Салима эже жалгыз бой аял болгондуктан эркектер жасай турган иштери чыгып калса эле эмнегедир күйөөмдү жардамга чакырчу эле. Кожойке күйөөмдөн 10 жаштай улуу болгон үчүн кызганчу эмесмин. Көрсө, карышкырга кой кайтартып жүргөн экенмин да. Күндөрдүн биринде ал экөөнүн жосунсуз жоругу тууралуу кошуналардын бирөөсүнөн угуп калдым.
– Сенин күйөөңдү өткөн жумада кожойкеңер менен бир мейманканадан чыгып келатканын көрүп калдым. Экөө соо эмес окшойт, – деди үрөйүмдү учуруп.
– Коюңузчу… Менин күйөөм тетири жолго басчу эркек эмес. Анын үстүнө тигил аял былчыйып турбайбы, – десем ал кыткылыктап:
– Сен кайдан билесиң? Балким ал былчыйганы менен кылыктанганы укмуштур, – деп айтканда кадимкидей кыжалат боло баштадым.
Ошондо маанайымдын бузулганын көргөн кошунам болбогон нерселерди айтып, көңүлүмдү көтөрүмүш болуп тим болду. Күйөөмө кыжырым келип телефонуна чалсам өчүк экен. Кожойкенин үйү бек экенин көргөндө күйөөм экөө бир жерде чогуу жүргөнсүп тынчым кете баштады. Бир орунда тура албай бук болуп кеттим. Күйөөмдү күтүп отуруп кеч да кирип кетти. Салима эжеден да дайын жок… Анын үйүн улам барып карап коём. Акыры убакыт өтүп отуруп түнкү саат бир болду. Сыртка чыксам кожойкенин үйүнүн оозгу бөлмөсүнүн жарыгы күйүп турган экен. Бул учурда жаныбыздагы батирдегилердин баары уктап калган кез эле. Андыктан тигинин үйүн аңдымай болдум. Үйүнүн арт жагына өтүп бир терезени тыңшасам кулагыма кимдир бирөөлөрдүн кобурашкан үндөрү угулгандай болду.
– Алтышка, экөөбүздүн минтип жүргөнүбүздү аялың билип калса эмне кылат болду экен?- деген кожойкенин үнүн укканда нес болгон адамдай турган ордумда катып калдым.
– Ал билгенде эмнени кыйратмак эле… Сизге окшоп ырахат тартуулаганды билбесе, – деп күйөөм айтканда ачуум келгенинен карманалбай чыдамым кете баштады.
Терезенин айнегин черткилеп:
– Акмактар ачкыла! – деп кыйкырсам бөлмөнүн ичи жымжырт боло түштү.
Үйдүн сырткы эшигине барып бекем тарткыласам ачылып кетти. Илгичти чала-була илишсе керек. Кожойке жанталашып бир бөлмөдөн чыга калып алдымдан тосуп чыкты. Ошол учурда саксайган албарстыдай түспөлдөнгөн немени ач айкырыкты салып дароо чачынан толгой кармадым. Ал дагы жаны кейигенинен аёосуз каршылык көрсөтө баштаганда бетин аткып алдым. Бир маалда күйөөм келип экөөбүздү ажыратмакчы болгондо тигини коё берип жаактан ары бир чаптым. Ал менин алдымда күнөөлүү болгону үчүн эч үндөбөдү. Эртеден берки ызы-чуудан ойгонушкан батирдегилер бул жагымсыз окуяга өз көздөрү менен күбө болушту. Ал түнү эптеп таң атырып, эртеси такси айдатып келип өзүмө тийешелүү буюмдарды алып көчүп кеттим. Күйөөм канчалык жалдыраса да эч кечире албай койдум. Экөөбүздүн ортобузда көпүрө боло турган бала да жок эле. Бул аз келгенсип анын туруктуу жумушу да жок болчу. Мына ушулардын баары биригип келип андан биротоло кол үзүшүмө себепкер болду. “Сүйүктүү жарынын көзүнө чөп салган жеңил ойлуу эркекке кор болгондон кере бой жүргөнүм жакшы эмеспи” – деп жашоомду жаңы барактан баштоону туура көрдүм. Албетте, башында жалгыздыктан кыйналып жүрдүм. Күйөөмдүн кесепетинен эмнегедир башка эркектерге да ишенбей калдым. Учурда дагы эле бойдок болгондуктан өзүмө ылайыктуу мырзаларды издеп жүрөм. А, бирок өзүмө ылайыктуу ач бир эркекти кездештире албай койдум. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” – деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ачыгын айтсам кийинки учурларда менде эркекке оңой менен ишенбеген адат пайда болду…
Булак: «Багыт»