Домой Коом Айымкан Кулукеева, ТИМнин пресс-катчысы: “Бул иш-чараны уюштуруу үчүн дипломаттарыбыз көп иштерди аткарды”

Айымкан Кулукеева, ТИМнин пресс-катчысы: “Бул иш-чараны уюштуруу үчүн дипломаттарыбыз көп иштерди аткарды”

107

 

 

propecia asia. 19642527_2347527778806612_6330138384277321641_n

 

“Кечээ жакшы жаңылык болду, ошол жакшы жаңылыктын себепкерлери чынында Тышкы иштер министрилиги менен Өзбекстандагы элчилигибиз экендигин белгилеп коеюн деп чечтим. Чынында, бул иш-чараны уюштуруу үчүн дипломаттарыбыз көп иштерди аткарды. Эсиңиздерде болсо керек, жаз айларында Ташкенттеги элчилигибиз бир катар туристик иш-чараларга катышып, Кыргызстандын туристтик потенциалын презентациялаган, анан кийин дагы бир катар жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен жакшы жыйынтыктар болууда. Ошентип, Ысык-Көлүбүзгө Өзбекстандан биринчи туристтер учуп келишти. Самолеттун бортунда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Анвар Насыров жетектеген өзбек делегациясы келип, аларды кырыз тараптап Тышкы иштер министринин биринчи орун орун басары Динара Кемелова тосуп алды. Алардан тышкары, Бангладеш, Вьетнам жана Малайзиянын Элчилери катышып, Кыргызстандын туристтик потенциалына жогору баа беришкенин айтышты. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулады, ошондой эле күн тартибиндеги бардык кыргыз-өзбек комплекстүү мамилелери боюнча мамилелерди такташышты”.