Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде брифингде билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күнгө чейин 10 медициналык кызматкер коронавирустан сакайып чыккан.
20-апрелге карата алты медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 кызматкер.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 140 медициналык кызматкерден аныкталган. Булардын ичинен: врачтар – 39, фельдшерлер, лабораториялык адистер – 58, медайымдар – 23 жана башка 20 техникалык кызматтагы, айдоочу, IT адистери коронавирус жуктуруп алышкан.
Кыргыз өкмөтү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом, эгер илдеттен көз жумса 1 млн. сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү тууралуу токтом чыгарган.