Домой Коом Айтпаска кандай акың бар, аты өчпөй турган адамды!

Айтпаска кандай акың бар, аты өчпөй турган адамды!

4169

Какен АлмазбековКадырлап турса кең мекен,
Каныкей болуш эмне экен…
Ардактап турса кең мекен,
Айчүрөк болуш эмне экен — деп баркын билип туруп бааланбай калган, генийлиги билинип туруп кенелбей калган, мыкты ырларынын жардамы менен ар-ар кимибиздин үйүбүзгө кирип, анан жүрөгүбүздүн аялуу, сагынычтуу, ыйык жеринен өзү билип эле орун-очок алып алган залкар деген сыпаттамага төп келип туруп эле кетип берген акыныбыз Какен Алмазбеков жазган эмеспи. Ошол “Кызыл туу кыргыз кыздары” деген төкмөсү, дагы бир талант Замирбек Үсөнбаевдин кайталангыс үнү менен жаңырып, күнү бүгүн азабыбызды колубузга берип келет го, муштумга жетер-жетпес жалгыз жүрөктүн жанын чыгарып! Мыкты чыгарма берген азапты жарамсыз чыгарма бере албайт! Бу дагы жообу жок, кызык маселенин бири…

Канча миң кылым саналды,
Канча миң адам жаралды.
Атагы, даңкы болбосо,
Айтасың кантип аларды.
Айтпаска кандай акың бар,
Аты өчпөй турган адамды, — деп туруп, кайран Какен абабыз Каныкейди — “Акылы жандан башкача, ааламда барбы андай кыз, Каныкей сулуу жөнүндө, канча уксак дагы танбайбыз, турмуштун ошол белегин, туу кылып бекем кармайбыз”, Кыз Сайкалды — “Алоолоп күйгөн өрт болуп, арытып канча заманды… кызыл туу кылып желпинтип, кыргызым шилтейт кадамды”, Айчүрөктү — “Ак жүзүн айдан жаратып, алгандай күнгө жалатып, күлкүсүн уккан кишиге, күүгүмдө аппак таң атып… Айчүрөк жашайт түбөлүк, ак калпак элге жарашып”, Кенжеканды — “Арстан баатыр Төштүктүн, алмашып айга бербеси, айтылуу сулуу Кенжекан, ардактап сүйгөн жергеси, тушуна сайган элимдин, туусу эмей анан эмнеси”, Кишимжанды — “Эл менен жашап аралаш, эл үчүн кызмат аткарат, бир жума жүргөн мас болуп, бир жолу өпкөн Акмамат, кир кылбас тунук сүйүүсүн, Кишимжан айдай ак тамак”, Айканышты — “Айканыш кызды ай дедим, а балким айдан сулуубу… Кубалап жүрүп жоо сайган, Курманбек элдин кулуну, алдына келип баш урган, Айканыш кыздын улугу”, Жаңылды — “Жаңылып жаза тийбеген, жамгырдай жааган жебеси, жалбырттап күйгөн өрт болуп, Жаңылдын келет элеси, туу кылып элге тапшырган, турмуштун ал бир керээзи” сыпатында сүрөтүн тартып жатпайбы. Андан соң кийинки күндүн кыздарына кирет да кайран Какем. Ошону менен кетти… Уркуяны, Саадатты, Дилорамды, Оштон чыккан он алты кызды, Өлбөсканды, Маруся менен Телегейди, Мыскалды, Кайыргүлдү, Салиманы, Сайраны, Зууракан менен Керимбүбүнү айтпайбы! Жакшы айткан, эч ким айтып бере албастай айткан. Андан соң кыргыздын кыраан, аны менен бирге назик, накта аялзатынын эталону болууга жарап берчү кыздарын дүңү менен санжыра кылып санаган акын болбоду. Муну менен Шайлообектин кулагын “кагып” жатканым го…

Ооба, адамзаттын калыптануу жолуна саресеп салып көрсөң, эркектер эрдемсигени менен баарын бүтүргөн да, баарын күтүнгөн да аялзаты тура. Орустар сыпаттагандай алар “слабый пол” эмес, биз айтмакчы “алсыз” да эмес, керек болсо дамаск кылычындай курч, өтө эле албууттана кетсе атом бомбасынан кем эмес кубаттуулугу бар болуп турууга жарамдуу. Ой, о-ой, аялдардын кылычы менен бүтүндөй бир элдин чакчелекей түшүп калышы бар. Эр жигиттин төбөсүнөн аттап кетиши да бар. Мисал десең Шырдакбектин Эркайым деген токолун ала чап! Кара башын жеген ошол катын, күнү кырк кара койду сойдуруп, анан анын шыймылчактарын чактырып, анын чучугуна палоо бастырып жеп… кийин калмакка тийип албайбы! Кээси менен Ош базарынан кирпичке боёлгон Өзгөн күрүчүнө палоо басып жеген катындарыбызды көптү дейбиз да… ит экенбиз го! Ошол Эркайымды менин колума бир күнгө берсе деп калам… камчым колумда болуп! А бирок, анын азап өлүмүн эч кимге бербесин дейли! Оо, бу турмушта өз тилегине жетүү үчүн бардык айла-амалдарды колдонгон, Александр Дюманын жамандык кылууну кесип кылган Миледи сыяктуу, анан да ак көңүл, арамдык менен иши жок Мопассандын Пышкасындай да аялдар болгон, ошол турмушта, кийинки турмушта… Эми деле бар, бизде-кыргызда деле…

Орто кылымдардагы француз королдорунун аялдарынын, анын жанындагы мадамдардын кылыктарын кара, өзүбүзгө жакын өңдөнгөн Екатерина экинчинин кылыктарын кара, амазонкалардын кылыктарын эсте… алар менен катар Дездемона деген бар, Жульетта деген бар, Толстойдун Масловасы бар… өзүбүздүн Бурулчабыз бар, Чыңгыздын Толгонайы менен Жамийласы бар… Оо, санай берсең жүрөгүң алоолоп, анын табына куйкаланып, тизе бүгүп кол көтөрүп, алардын асылдыгына орун бере көкүрөк даярдап туруп санап берчү аялзаты көп, оголе көп! Ушул азыр да көп… Парламентте тытышкан аялдарды эстей көрбө, окурманым!

Эгемендик алдык деп элире баштагандан кийинки алгачкы бийлик Акаевге тийип, ага тийбей кал ай, катыны Майрамга тийип, кыргыз элин чимирип турду го… Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза сыяктуу чимирсе, жан бербес белек. Бу катын элди каарып турду, жакшынын баарын таарып турду, эзели оозу толо тамак жебегенби, болгон байлыкты алып турду. Президент күйөөсү куурчак болду, өзү Кудай болду! Ошол катын кутуруп турганда Ишенгүл Болжурова деген өзү көлдүк болуп туруп, аны таластыктарча “апчелеп” ай менен күнгө теңеп жүрдү. Анан алар бийликтен кеткенден кийин Болжуроваңдын “апчелегени” ай-талаада калды! Бул өтө жаман! Ошол кезде Конституциялык соттун төрагасы Чолпон Баекова ошол Конституцияны одоно бузуп туруп, Акаевди үчүнчү мөөнөткө шайлап берди, акаевдердин жаман кылыктары дал ушул үчүнчү мөөнөттө катуу уланды. Баекованын ал кылганы аябай жаман болду, бүтүндөй элге зыяны тийди.

Ооба дечи, адамзат дегениңдин илим-билими өскөн сайын, ошол адамзатыңды башка жандыктардан бөлүп адамзат кылып турган сапаттар четинен кемий берет экен, кээси болгону менен кебетеси кетип калат экен. Кайран гана кыргызым, көп нерсең келбес жакка кетип турат… Тээ бийик дөңдө олтуруп алып, аппак сакалын жайкалта сүйлөп, уккан адамды тамшандырып, жакшы маанинин баарын дилине батырып турган, андай кепке кайра-кайра суусатып турган аксакалдар кайда?! Үйгө алды менен кирип арты менен чыгып, отурганда ачыла түшкөн согончогун этеги менен жапканча шашкан сурайылдай сулуу кыз-келиндерибиз кайда?! Жамандыктын жолун тоскон, устарадай курч, улуунун сөзүн мыйзам кылып, бечараны көтөрүп кетчү кер мурут жигиттерибиз кайда?! Келинин кызындай көрүп сыйлап, неберелерин алдына отургузуп алып жомогун айтып жакшылыкты алардын наристе дилине куюп турчу ак саамай энелер кайда?! Минтип “кайдалай” берсек, аныбыз кайдан байыды?! Азап ушул, арман ушул! Асманын сур булут баскандан чочучу кадимки кыргыз кара булуттан кантти?!

Кыргызымдын кылымдан кылым карытып келген мыкты сыпаттамадагы аялзаттарынын кийинки муунунун бир тобунун көзү өтүп кетти. Көзү өткөнү менен баскан-турган элестери калды — жакшы элестери, кийинкилерге мыкты аялзатынын классикалык мисалы болуп бере алчу баскан жолу калды. Санасак булар: Зууракан Кайназарова, Өлбөскан Атабекова, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Сакин Бегматова, Гүлсара Сулайманова, Күлүйпа Кондучалова, Сайра Кийизбаева, Керимбүбү Шопокова… саналбай калганы дагы көп… Азыркы аялзаттарын тизмектесек — Дарыйка Жалгасынова, Роза Отунбаева, Гүлшан Молдоева, Зайна Бейшекеева, Аида Салянова, Догдуркүл Кененбаева, Асел Кодуранова, Шахра Талипова, Каныкей Эралиева, Гүлнара Бейшембиева болуп уланат… ар айылда бар мыкты аялзаты.

Жараткандын мыйзамына каршы чыккан болбойт. Эпадам каршы чыксаң, көргүлүктү көрүп калышың бар! Мына ошол Жараткан адам баласын эркек-ургаачы кылып жараткан экен. Аялдарды эркектерге караганда назик кылып жараткан. Андыктан аял үйдөгү очок ээси болуп бала төрөп, аларды багып дегендей… Эркегиң болсо үй ээси, баарын таап берет, үй-бүлөсүн коргоп берет. Кийин-кийин гендер деген саясат чыгып, жакшы саясат чыгып, бирок анын жакшылыгын аша кете түшүнүп, аялдар короосунун ишпалдасы чыгып жатпайбы. Эркек менен теңата болом деп далай аялзаты ошол аялзат деген аттан айрылып жатканы! Эми аны бул жерден чечмелебейли, байкоостон эскерилип кетпедиби…

Ошентип, Какен агабызга таянып алып кеп кылып келип, аягында айтарым ушул болду — биздин гезит буюрса, эмдиги сандан баштап “Каныкей бизде жок бекен” деген рубриканын алдында мыкты сыпаттамасы бар аялзаттарын жаза баштайт. Ага каарман болуунун негизги критерийи — мыкты аялзат болуусу. Анын чоң кызматы, алган сыйлыктары, байлыктары ж.б. башкы маселе эмес, башкы маселе аялзаттыгындагы адамдыгы!

Эмесе, кымбаттуу окурманым, тандап туруп жаза башта. Өзүңөр жазбасаңар, биздин балдарга айтып бергиле, алар жазат. Кеттик дейли анда!

Баратбай Аракеев