Аз күндөн бери кыргыз коомчулугу күдү-күдү болуп, күбүр-шыбырдын күнү жүрүп турат. Анткени, оппозиция дегендер бийликти басып алабыз деп адыраңдашкан тура. Оппозициядагы кызматка жетпей жүргөн “жел өпкөлөрдүн” окуясына жетимишке жетип калган курган чал Дастан Сарыгуловдун “серый кардиналбы” же дагы бир балакетиби болуп турганына күлкүң да келет, жиниң да келет. Жеген алтынын четинен кемирип, “Кумтөр” менен “Кыргызалтындагы” акцияларынан түшкөн кирешесин кошуп, дүйнөнүн сонун жерлерин кыдырып эс алып, анан да каадасынча бир кучак китебин көтөрүп алып, теңирчилик дегенине таянып алып, “Манас жаңырыгы” менен “Улутман” дегенге чыгып элдин башын оорутуп жүрө бербейби да. Батинкесинин боосун байлай албай, “үч буттап” араң басып калган убакта бийликти не кылды?! “Болор бала богунан” деген кеп бар, ошого окшоп, “таякчан чал, таажыга жетиши бар” деген маани келгенби? Бу Сарыгулов көп кызматта иштеди. Иши менен, өтөгөн эмгеги менен эл оозуна алынганга жарап бербеди. Ысык-Көл облусунда обкомдун катчысы болуп жүргөндө мектептерге чогулуш жасап, “эй, үнөмдүү болгула, бир карандашты экиге бөлүп албайсыңарбы” деп жаңылык ачып, мээси иштегендерди жакшы күлдүрүптүр. Акаев президент болгону анын жакын кишиси катары кыргыздын алтынын кармады, “жакшы” кармады дешет, коё бербей үйүн көздөй ташыганы болду дейт… Баса, килейген үй салыптыр, анын ичинде беш-алты туалети бар экен. Бирөө айтат: “Чоң жеген чоң чычат, ошон үчүн туалетин көп салдырыптыр” деп. Ошентип, алтынга тоюнуп жүргөн күндөрдүн биринде Майрамдын “май куйругун” басып алып иштен айдалат. Аны радиодон угат да айласы жок олтуруп калат. Ошол тушта “Асаба” гезитинин арбайы жүрүп, раматылык Мелис иниме чоң, кичине чиновниктердин баары кошоматын жасап турган кез болчу. Сарыгулов кайсы бир жол менен Мелиске жагып калып, анан “Асаба” Сарыгуловдон өткөн “таза адам” жок дегенди байма-бай жазып турду… Ал ал болду. Анан “Республика” гезити Сарыгуловдун “Кыргызалтындан” жегендерин айтып чыкты. Ана эмесе, өзүн “таза” сезип жүргөн Сарыгулов гезитти сотко берип эле жатып калды да акыр-аягы тайманбаган Замира Сыдыкованы кестирип жиберди. Замира карындашым аны унуткан го, эми Сарыгуловдун “короосунда” жүрөт… Сарыгулов өзүн аябагандай билимдүү, акылдуу, абройлуу көрсөткүсү келгендей жосундуу адам экен, деле билбегени жоктой сүйлөйт: элдин тарыхын, санжыра-уламыштарын, салт-санаасын, маданиятын, анын ичинде адабият менен искусствосун, оозеки чыгармачылыгын, дүйнөлүк жана өзүбүздүн экономикалык маселелерин, саясатын ж.б. Дүйнө жүзүндө не көрүнүш, кубулуш, нерсе, окуя… баары-баары дүңү менен эле ушул Сарыгуловдун анча чоң эмес башына толуп алгандай. Анысы жакшы, бирок, карыганда небере эркелетип, жаштарга болумдуу акылын айтып, эл-жеринин тынччылыгын тилеп жата бериш керек экендигин гана билбейт экен го! Баса, жакында эле “Улутман” деген гезит чыгып бекер таратылганын айтып жатышат. Ошондо бийликти сындап, элге жар салып жатат дейт — “Аттан кыргыз!” деп. Ал гезитти Сазыкпай Турдумалиев менен Дастан Сарыгулов деген каржылайт дейт.
Сарыгулов машинанын алдында олтуруп артындагы Эрнест Карыбековдон отчёт алып жаткан жери күлкү келтирет да. Эрниси кыргызча сүйлөп жатса, Сарыгуловуң орусча сүйлөйт. Анан да ошол сүйлөшүү бала бакчадагы эки тентектин кебине да окшоп кетти… Бийликти алуу Сарыгулов үчүн столдо турган алманы алып жеп коё тургандай жеңил иш экен… Мыйзам менен шайланган бийликти коргойбуз деп Жогорку Кеңеште толгон жигит-кыздар олтурат. Ал жерде Өмүрбек Бабанов баш болгондор да конструктивдүү оппозиция болуп депутаттык милдетин аткарып жатат, бийликте Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев, Мыктыбек Абдылдаев, Иса Өмүркулов, Садык Шер, Алманбет Шыкмаматов, Канат Исаев, Алтынай Өмүрбекова, Аалы Карашев, Темир Жумакадыров, Фарид Ниязов,Сооронбай Жээнбеков, Индира Жолдубаева, Мелис Турганбаев, Абдил Сегизбаев,Жылдыз Мамбеталиева, Кубатбек Боронов, Арзыбек Кожошев, Эрлан Абдылдаев, Райымберди Дүйшембиев, Канат Муратбеков, Рафик Мамбеталиев, Сүйүн Өмүрзаков сыяктуу жүздөгөн азамат кыз-жигиттер бар, артында жүз миңдеген адамдар, анан да мыйзам деген бар! Муну менен бирге азыр бийликти кууп салчу абал жок, эл массасы андай ишке барбайт, Бакиев заманы эмес да!
Дүйнөдө далай төңкөрүштөр болуп келген, боло да берет. Мисалы, Испаниядагы Франко, Чилиде Пиночет, СССРде Брежнев ж.б. Алардын баары Сарыгуловдой жетимишке чыга элек жаш кезинде жасашкан. Бул жагынан Сарыгулов тарыхта калмай болду.
Бир ирет айтылуу акын Какен Алмазбеков :”Айтпаска кандай акың бар, аты өчпөй турган адамды” деп жазган. Муну туурап: “Айтпаска кандай акың бар, алжыган мындай чалдарды” деп Сарыгуловдун кылыгын тентек акындар төгүп жиберсе, анан ал тарыхта калса, жаман го бир. Азыр Сарыгуловдо бир гана жол бар — ыймандуу карыш керек! Эгерде үй камагынан” нары камалып кетпесе…
Баратбай Аракеев