Айтмамат Кадырбаев Ош мэриясында майыптарга делген батирлердеги көз боёмочулук менен бөлүштүргөн мыйзамсыз иш ачыкка чыкты. Мэрия тарабынан 2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 66 жаранга «Анар» кичи районунан батир бөлүнүп берилгени аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 тургундун «кыймылсыз мүлкү жок» деген жалган документ толтурганы, 31 киши батир алганга чейин Жалал-Абад, Ош облустарынын бир канча райондорунда жана Бишкек шаарында жашагандыктары такталды.
Мындан тышкары 9 киши 3-топтогу майып деген кагаз менен батирди мыйзамсыз алганы ачыкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мындай мандемдүү иштер Ош шаарын Айтмамат Кадырбаев жетектеп турган учурда болгон.
Демек, Кадырбаев бийликтин кайырмагына илинди десек болот.