Домой Саясат Айсулууга берилген  батирдин чатагы чечиле элек. Мамлекетке кайра кайтарып алышабы?

Айсулууга берилген  батирдин чатагы чечиле элек. Мамлекетке кайра кайтарып алышабы?

92

2019-жылдын 25-сентябрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкектен 3 бөлмөлүү батир  белек кылган эле. Бирок ал батири эмдигиче Айсулуунун наамына каттала электиги ачыкка чыкты. Документи туура эмес батирге Айсулуу андан бери басып да барган эмес. Көрсө, балбан кызга берилген батир багы ачылбаган Нариман Түлеевден мамлекетке өткөрүлүп алынган 8 батирдин бири экен. Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында мына ушул маселе талкууга алынып, ал батирлердин баарынын документтери бүтө электиги, ал тургай ал батирлер кайсы мекемеге өткөрүлүп берилгендиги  тууралуу  да так көрсөтмө жок экенин айтышты. Бүтүндөй бир мамлекет айтылуу бир балбан кызыбызга докменттери туура, ызы-чууга кирептер болбогон  батир бере албаган соң, эмне деп айтабыз? Мына ушул маселеге азыркы бийлик, тактап айткнада жаңы мэр Балбак мырза жакшылап көңүлбурушу зарыл. Болбосо коомчулук бийликти каргап-шилеп атып, оңдурбайт…