Домой Спорт Айсулуу Тыныбекова UWW’нын онлайн уюштурулган “мыкты спортчу айым” наамында жеңүүчү аталды

Айсулуу Тыныбекова UWW’нын онлайн уюштурулган “мыкты спортчу айым” наамында жеңүүчү аталды

97

Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW’нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган “мыкты спортчу айым” наамында жеңүүчү аталды.

Сурамжылоого жалпы дүйнөдөгү эң мыкты деген 16 балбан катышып, финалга кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова “Рио-2016” жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогат менен ат салышып, атаандашын артка калтырды.

Айсулуу Тыныбековага 170 миң 989 колдонуучу добуш берсе, анын индиялык атаандашына 121 миң 907 колдонуучу добуш берген.