Текебаев “Ата Мекен” фракциясынын лидерин тандоодо Садык Шернияз менен Сайдулла Нышанов экөө бирдей добуш алып, өтпөй калышкан соӊ Текебаев партиянын “атасы” катары саясатта быша элек, тиш кага элек Айсулуу Мамашеваны өзү эле тандап, лидер кылып кылып койгон. Ага атамекенчи депутаттардын дээрлик баары нааразы болуп калышканы ачыкталган. Мамашеванын таянганы Текебаев болгону менен парламентте кесиптештери тарабынан колдоосу аз эле. Ушундан улам, атамекенчилер жакында аны лидерликтен шыпырып, ордуна башканы шайлап алышы толук мүмкүн. Себеби, көптүк деген көптүк кылат. Шайлоого сала калышса, маселени добуш чечет да. Эгер Текебаев дагы эле бул маселеге кийлигишип, “сүзөм” десе, ансыз да аброю кетип турган чакта, дагы да сокку болот.
Булак: Багыт