Домой Коом Айсулуу Мамашева 13 жашар кызды зордуктагандарга карата сот чечими боюнча маселени көтөрдү.

Айсулуу Мамашева 13 жашар кызды зордуктагандарга карата сот чечими боюнча маселени көтөрдү.

132

Депутат Айсулуу Мамашова 13 жашар кызды зордуктагандарга карата сот чечими боюнча маселени көтөрдү. Бул туууралуу ал бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Биз дайыма балдар биздин келечегибиз деп айтабыз. Маалымат каражаттары 13 жашарга каршы болгон сот чечим чыгарды. Билем биз соттун ишине кийлигише албайбыз. Бирок бул иш боюнча маалымат алышыбыз керек. Тийиштүү органдарды чакырып бул маселени талкуулайлы. Кичинекей баланын тагдыры сындырылды. 3 зөөкүрдүн бирөөсү гана отургузулду. Бүгүн бул маселени кароого жетишпесек эртең карайлы», — деди ал.

Вице-спикер Мирлан Бакиров бул маселе алгач комитетте каралып, анан палатага чыгышы керектигин айтты.