«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата чыгарылган өкүм – бул эч кандай саясый заказ эмес, ал кылмыш үчүн конкреттүү жаза. Бул тууралуу саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.
Анын айтымында Текебаевдин үстүнөн болгон сот мыйзам баардыгы үчүн бирдей экендигин көрсөттү. Коррупцияга каршы күрөш күч алып жатканы көрүнүп турат жана ким мыйзамды бузса, акыр аягы өзүнүн жасаган ишине жараша жоопкерчиликке тартылат.
«Текебаевдин тарапташтарынын бул саясый куугунтук деп кыйкырып жатышканы — коомдук пикирди манипуляциялоо жана жазадан качууга аракет гана болуп саналат. Биз алардын кандай гана аракеттер жана долуланган жүйөөлөр менен Текебаевди актоо аракетин жасашканын көрдүк. Анын адвокаттары реалдуу эмес нерселерди айтышты, алтургай сотту да жана коомчулукту да жүдөтүштү», — дейт Арзыматова.
Саясат таануучу бул эч кандай саясый заказ эмес, баналдуу кылмыштуу иш деп билдирет. Андыктан ар бир аң-сезимдүү адам муну кылмыш үчүн көрүлгөн конкреттүү жаза деп түшүнөт.
«Анын үстүнө эксперт сот жумшак чечим чыгарды деп эсептейт. «Бул адамдар апрель революциясынын фонунда өзгөчө ири суммада пара талап кылышты, башкача айтканда жогорку идеалдар ошол окуяга катышуучулардын бири тарабынан жөн гана тебеленип калды. Бул революция үчүн адамдар өлдү, а кимдир-бирөөлөр андан дүнүйө табышты. Бул эки эсе коркунучтуу», — дейт Арзыматова.
Белгилей кетсек, «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев үй-мүлктөрүн конфискациялоо менен бирге 8 жылга эркинен ажыратылган.