Домой Маек Айнура АРЗЫМАТОВА, саясат таануучу: “Президент КСДПнын талапкери праймериз түрүндѳ тандалганын ырастады”

Айнура АРЗЫМАТОВА, саясат таануучу: “Президент КСДПнын талапкери праймериз түрүндѳ тандалганын ырастады”

56

29312 (1)

—  Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго ишене турганын, эл колдоп, добуш берсе, ал жакшы президент боло турганын айтыптыр. С.Жээнбеков мамлекет башчысынын ишенимин актай алабы?

cialis effectiveness with exercise. —  Сооронбай Жээнбеков президенттин, КСДПнын ишенимин актай алат деп ишенем. Аны КСДП  атайын үч жолу сурамжылоо менен тандаганын президент өзү да айтты. Демек, эл арасында кадыр-баркы, салмагы бар талапкер. Буга чейин деле мамлекеттик кызматтарда таза иштеген инсан.

—   Сооронбай Жээнбековдун башка талапкерлерден кандай айырмасы бар деп ойлойсуз?

—   Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөн мамлекетчил киши. Сооронбай Жээнбеков кызматта туруп башкаларга окшоп мүлк жыйнаган эмес экен. Булганган эмес. КСДП ошол жагын да эске алган. Анын үстүнө президент А.Атамбаев менен 1995-жылдан бери ысык-суукта чогуу жүрүп, өзүнүн саясый, инсандык туруктуулугун көрсөттү.