Домой Саясат Айнура АРЗЫМАТОВА, саясат таануучу: “Депутаттар Бабановду коргобой иштешсин”

Айнура АРЗЫМАТОВА, саясат таануучу: “Депутаттар Бабановду коргобой иштешсин”

86

             2016-08-22_14-54-37_399312-580x326

 Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин саясий кысым катары сыпаттап билдирүү таратты. Чын эле Бабановго ушундай негизде кылмыш иши козголдубу?

—          Азыр саясатчыларга кылмыш иши козголсо эле аны саясатташтырган адат пайда болду. Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү кызыл чектен өтүп кеткен нерсе эле. Аны Башкы прокуратура, УКМК тиешелүү экпертизадан өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголду. Бабановго Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу, улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу боюнча иш козголгон. Ал эми «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттарынын бул аракети абдан өкүнүчтүү. Алар Бабановду коргобой мыйзам жазуу менен иштешсин.

—          Дал ушул иш боюнча депутаттык комиссия түзүүнү да демилгелеп жатышыптыр. Бул аракети канчалык мыйзамдуу? buying levitra on cod.

—          Бул иш боюнча депутаттык комиссиянын эмне кереги бар? Алар шайлоо астында ансыз деле жарым ай иштеген жок. Эл өкүлдөрү мыйзам жазсын, шашылыш чечимдерди кабыл алсын. Бабановдун иши менен укук коргоо органдары алектенсин.