Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы жарыш маалында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу алып салуулары керек. Мындай пикирин саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.
Ал парламенттик оппозициянын лидери кызматы – бул басым жасоонун түрдүү механизмдерине ээ жетишээрлик жогорку кызмат деп белгилейт.
«Менин баамымда Бабанов жана Төрөбаев экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жасагандай шайлоо алдында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу алып туруулары керек. Себеби президенттикке талапкерлердин бардыгы үчүн күрөшкө бирдей шарт түзүлүшү керек», — дейт ал.
Арзыматова эгерде бийлик структурасында кимдир-бирөө өз кызматында кала берсе, анда оппозиция ошол замат аны айыптап баштамак деп эсептейт. «Бул өздөрүнө объективдүү эмес жасаган мамиле. Эгерде адам теңдикти талап кылса, анда өзү да ошол принципти карманыш керек», — деп кошумчалайт ал.