Домой Саясат Айнура Айылчиева: Атамбаев түрмөдө өлүп калса шерменде болобуз!

Айнура Айылчиева: Атамбаев түрмөдө өлүп калса шерменде болобуз!

68

-Айнара эже, 2010- жылы калыс, элин ойлогон бийлик болсун дегендердин катарында  болуп, революция жасагандардын катарында жүрдүңүз эле. Азыр ошондогу максаттар, тилектер, идеялар  ишке аштыбы?

-Ишке ашканы ашты. Ашпаганынын таш-талканы чыкты. Чынында Атамбаевден үмүтүбүз чоң болчу. Ал бизнесмен, ток адам экен. Көп балалуу үйдө чоңойгон, кең пейил, оюна келгенин ачык айткан жакшы адам  деп ага ишеним арттык. Ишендик. Өзү да кара тамандарым деп жалынчу.  Ал бийликке келгенде кыйратып жибербесе дагы мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылды. Врачтарга, милиция, чек ара кызматындагыларга үй салып берди. Жаңы мектептерди салды. Датка Кеминди курду. Свет өчпөй аз болсо да турмушубуз оңолгонсуп калган.  Кыскасы, зарыл делген маселелерди алынын жетишинче чече баштаган.  Эми болсо анын жакшы иштеринин бирин айтпай, баары бир ооздон жамандап, каралаганга өтүп алышты. Бул туура эмес. Азыр каралашканы менен тарых деген бар. Анда  кааласак да, каалабасак да тарых өз баасын берет. Атамбаев досунан жамандык күтпөгөнү үчүн экинчи ирет шайлоого барган жок. Кетер күнүн санап, бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берди.

Атамбаевди  жакшы эле иштеп аткан жеринен ким жолдон чыгарды?

-Жанындагылары жолдон чыгарды. Алар эмне десе туура дей беришип, чындыкты жеткирбей коюшту. Шопуруна досуна ишенип алып, ара жолдо калды. Сооронбай Жээнбеков кыйраттым, камадым дегени менен ал да катачылыкка жол берди. Кезинде Атамбаевдин катачыгыгын айтканга укугу бар болчу. Ийиндеш иштеди, чогуу жүрүштү. Анда баарына макул деп алыа, эми каршы чыканы жигитчиликке жатпай калды.  Сооронбай Жээнбеков да өткөндөн сабак албаса, Атамбаевдин кейпин кийип калышы толук мүмкүн. Ошон үчүн элдин пикири менен эсептешип, элдеги маселеден кабардар болушу керек. Жанындагылары аны аңга гана түртөт.

-Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшкөнүн колдойсузбу?

-Коррупцияга каршы күрөштү баштаганын колдойм. Бирок, Атамбаевге жасаган мамилесин колдой албайм. Дос деген акыреттик болот. Экөө 25 жыл достошуп, КСДПны түптөп, алып эми эки жээкте калып, бүтүндөй дүйнөгө шерменде болгону туура эмес болуп калды. Атамбаевдин айыбы болсо, тынч эле сүйлөшүп,  камабай эле, үйүн талкалап, балдарына чейин кылмыш ишин козгобой эле  айып пул салып, акчасын алып мамлекетке жумшаса  болмок. Аны камап алып баккандан пайда деле чыкпайт да. Сооронбай Жээнбеков катачылыгын азыр деле жойсо болот.

Кошуна мамлекеттер мурдагы президентти камап, кыйратып жатасың дешкени менен мыйыгынан күлүшүп, алдап-солдоп керектүү документтерге кол койдуруп алып, өз кызыкчылыктарын ишке ашырышып жатат. Мурдагы президентти камаганыбыз үчүн ылдый баш болуп, тең ата сүйлөшө албай, бүжүрөп, жеңил баа болуп калдык. Кыргыздын жигиттери акылга келсе жакшы болот эле.

-Атамбаев түзгөн  КСДПны бөлүнүп, жарылган абалга кептеп коюшту?

-Жогору жактагылар була аракети менен  Атамбаевди жана анын партиясын да жок кылып, партияны Атамбаевге каршы чыккандар менен тымызын  өздөрүнө өткөрүп алышты. Ал партиядан өсүп чыккандарын эстеринен чыгарып, жоготууга багыт алышты. Күнөөсү болсо Атамбаевди жазалап, ал түптөгөн партияга тийбей деле коюшса болмок.  Партияны алып кете турган, КСДПны жүрөгү менен сүйгөн адамдар бар эле. Мына ошолор партиянын мындан аркы ишин илгерилете бермек. Тилекке каршы, партиянын таш талканын чыгарышты. Сооронбай Жээнбековдун кылганы адамгерчиликке сыйбай, өтө одоно болуп калды.  чынында Сооронбай Жээнбековдон мындайды күткөн эмеспиз. Оор басырыктуу, терең  ойлонуп чечим кабыл алган адам, калпыстыкка жол бербейт, мыкты президент болот деп ойлочубуз. Тилекке каршы, теңирден тескери иш кылды.

Ал эмоцияга алдырбай маселени мынчалык чуу кылбай эле чечүүнүн жолун тапса болмок.

Неге Атамбаев  коррупция  менен азыркыдай күрөшкөн эмес?

-Чамсы Атамбаев коррупция менен күрөшкөнгө- жетишкен жок. Балдар өлүп кетип, эки жыл ушуну менен  алек болду. Анан көчмөндөр оюнун өткөрдү. Коррупцияны ооздуктаганы менен катуу күрөшкөнгө чамасы жеткен жок. Эми Жээнбеков  сөзүнө туруп, коррупция боюнча коомчулуктун талкуусуна алынган фактыларды эске алып, Раим Матраимовго чара көрүшү керек.  Элден факты сурап атты эле го эми камасын.

-Атамбаевдин катачылыктарын Текебаев учурунда айтып чыккан. Аны жок жерден каматып салды. Атамбаевдин туура эмес иштери өзүнүн башына муш болгон жокпу?

-Текебаев саясаттын атасы. Жеке тааныштыгым жок. Бирок. сыйлайбыз, билебиз. Президентибиз да аша чаап Атамбаев кийген тонду кийип калбаса экен. Президенттерибиз жаман атты болуп кетпесе экен деп көп ойлоном. Сооронбай Жээнбековго  78 чыккан энеси катары кайрылам. Атамбаевди бошотуп, анын күнөөсүн айып пул менен өлчөсүн. Башкасы аз келгенсип, ал түрмөдө өлүп калса шерменде болобуз. Акылга келип, туура чечим кабыл алышын суранат элем. Мамлекетти өнүктүрүүнүн башка жолун тандашын өтүнөт элем.

Дагы айтам,   Атамбаевди туш тараптан жамандагандан  турмушубуз оңолуп кетпейт. Эл жумуш издеп мурдагыдан да көп Россияга, Түркияга кете баштады. Оор тагдырга кептелгендерди көргөндө кан басымым жогорулап,  көзүмө жаш тегеренет. Врач болсо телевизор көрбө. Кейибе кыжаалат болбо дейт. Мен замандаштарымдын, мекендештеримдин оор абалына жаным кейип,  капельница алып калган учурларым көп болуп жатат.

Булак: Ачык саясат