Домой Коом Аймактардагы ооруканаларга «Аялдар лигасы» жардам көрсөттү

Аймактардагы ооруканаларга «Аялдар лигасы» жардам көрсөттү

129

Борбор Азиядагы Аялдар Лигасы Америкадагы мекендештер менен биргеликте Талас облусунун Талас районуна караштуу Чат-Базар айылындагы К.Токтогулов атындагы аймактык ооруканага кычкылтек концентраторлорун тапшырды. Негизинен Талас району 28 айылдан, 13 айыл өкмөттөн жалпы 70 миңдей калк жашаган аймак. Бул оорукана аталган райондун так ортосунда жайгашкан. Ушундан улам кандай кырдаал болбосун эл үчүн кызмат кылууга ниеттенген Борбор Азиядагы Аялдар Лигасы  ушул оорукананы тандап алган. Чындыгында оорукана кычкылтек концентраторлоруна өтө муктаж экенин башкы дарыгери Света Эсенбековна да иш-чаранын жүрүшүндө баса белгиледи. Иш-чарага К.Токтогулов атындагы оорукананын жалпы дарыгерлери, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова, Талас районунун акиминин орун басары Зина Баялиева жана Аялдар Лигасынын Талас облусу боюнча өкүлү Жазгүл Карбосова катышты. О.э. “Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, 80ден ашуун жалаң айымдар эмгектенген оорукананын кызматкерлерине дем-күч берүү максатында, алардын кесиптик майрамы менен куттуктап Selya компаниясынын белектерин белекке беришти.

Иш-чаранын соңунда жетишсиз аппарат менен камсыз болгон ак халатчандар Борбор Азиядагы Аялдар Лигасынын төрайымы Асел Атабековага, вице-спикер Аида Касымалиевага жана Лиганын баардык мүчөлөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

Булак: Элита плюс