Домой Саясат “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт.

38

cefadroxil without a prescription. eaab9b64-f3ca-45c6-bfb9-3b5e1c3efc36

2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун жакындары жана апрель окуясында жабыркагандар тарабынан түзүлгөн

Мындай чечимди биз, Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин 7 жыл аралыгында туура жүргүзгөн саясатын Сооронбай Жээнбеков уланта ала тургандыгы менен түшүндүрөбүз.

2010-жылы Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык режими кулап, өлкөдө башаламандык орноп турган маалда, Алмазбек Атамбаев өлкөдө стабилдүүлүк орнотуп, мамлекетти туура жолго буруп, экономикалык оор кырдаалдан алып чыкты.

Президенттин демилгеси менен бир катар улуттук программалар ишке ашып, энергетикалык көзкарандысыз өлкөкө айландык. Коррупция менен күрөш 20 жылда болбогон көрсөткүчтөргө жетти. Президенттин администрация башчысынан тартып, министр, депутаттарга чейин камалышты.

Алмазбек Атамбаев жаңы муундун өкүлдөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жаңы кадрларды даярдып жетишти. Улуттук маанидеги иш чаралар өткөрүлүп элдин руханий байлыгына, маданият-тарыгыбызга өтө жогору көңүл бурулду. Эл аралык маанидеги көчмөндөр оюну өтүп, бүткүл дүйнөгө өзүбүздүн тарыхыбызды, маданиятыбызды жана кайра жаралуу ниетибизди билдире алдык.

Өлкөдө ыйман, адепке дагы олуттуу көңүл бурулуп, элибизди биримдикке, ынтымакка чакырган иш чаралар көп болду.

Кандуу 7-апрель баарыбыздын эсибизде жана эч качан унутпайбыз! Бул күнү эркиндик деп төш кагып, бир үй-бүлөөгө кул болбойбуз деп чыккан эл Бакиевди тактан кулаттуу! 7-апрелде шейит кеткен баатырларыбыздын эң негизги максаты бул эркиндик жана өнүгүү эле. Мына ушул баатырларыбыздын максатын эч качан эстен чыгарбашыбыз керек!

Биз ойлойбуз Алмазбек Шаршеновичтин 6 жылдан бери жүргүзгөн туура саясатын Сооронбай Шарипович улантып, бүтпөй калган иштерин аягына чыгарат деп ишенебиз!