Домой Маданият Айгерим Расул кызы: Жолдошум карантин дегенден бери үйдө түнөбөйт…

Айгерим Расул кызы: Жолдошум карантин дегенден бери үйдө түнөбөйт…

765

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы өзүнүн интернет  баракчасынан эл үчүн кызмат кылып жаткан  инсандарга ыраазычылыгын билдирди.

“Азыркы учурда милиция, тартип сакчылардын, медицина кызматкерлердин үй-бүлөсүн эң жакшы түшүнөм. Биздики карантин дегенден бери үйдө түнөбөйт, күнү-түнү күзөттө. Азыркы учурда ашкана деле иштебейт экен, эптеп-септеп курсактарын тойгузуп жүрүшөт. Тамак жасап күтүп отурам кечке “келип алып кет”деп… Ошого дагы келе албай калат. Балдарыбыз: “атам качан келет?”,- деп кечке жанымды койбойт. Атасы келсе алыстан кол булгап коюп кетет, балдар чырылдап ыйлап калат. Эх качан бүтөт деги? Эмнеси болсо дагы карантин дегенден бери үйүндө түнөбөй, күнү-түнү биздин жашообуз үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерге, тартип сакчыларына, аскерлерге, “Тазалыкта” иштеген эже-байкелерге жана башка ушул кырдаалда эл үчүн кызмат кылып жаткан инсандарга таазим!!!  Жарытаарлык айлык алышпаганын айтпаса деле белгилүү, ошого карабай өз өмүрлөрүн тобокелге салып, үйдүн бетин көрбөй биз үчүн кызмат кылып жатышат!!! Рахмат айткым келет! Чоң рахмааааат! Аллахым ыраазы болсун. Үй-бүлөңүздөр менен аман болуп, эки дүйнө бактылуу болуңуздар! Бул күндөр дагы өтөт…. Кудай буйурса баары жакшы болот, жакшы күндөр алдыда! Ден соолук болсо баары болот, эң башкысы ден соолукта бололу!”

Булак: Багыт