Домой Саясат АЙЕРКЕН САЙМАИТИНИ ӨЛТҮРГӨН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

АЙЕРКЕН САЙМАИТИНИ ӨЛТҮРГӨН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

19

Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүргөн шектүүлөр кармалды. Алар Түркиядан чыгып кетүүгө аракет кылган. Түрк басылмалардын маалыматында өлтүрүүгө шектелип Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана Сириана Али Исбе колго түштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча алар Сирияга качмакчы болгон. Экөө Кыргызстандын жараны, бирөө сириялык болуп чыкты.

Эске салсак, Саймаити 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болду. Ага эки куралчан жаран кол салып, окуя болгон жерден алар качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми ишкер алган жаратынан улам ооруканада жан берген.

Булак: eldik.media