Домой Коом Айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендердин суроолору жаңыртылды

Айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендердин суроолору жаңыртылды

48
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн тапшыра турган экзамендердин суроолору жаңыртылганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Жумушчу топ теориялык суроолорду жаңылап, алар кыргыз өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 «КРдин Жол кыймылынын эрежелеринин» токтому менен бекитилген колдонуудагы талаптарына ылайык түзүлгөн.
Мында окуу пландарын айдоочуларга талапкерлерди өз алдынча даярдоо боюнча уюмдар бекитет, алар Кыргызстандын жол кыймылынын эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.
2022-жылдын 29-августунда теориялык суроолор жаңылангандан кийин айдоочуларга талапкерлерди даярдоо боюнча бардык окуу уюмдарына «Айдоочулук курамды тестирлөө» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу билдирилген.
2015-жылдан баштап теориялык сынак «Айдоочулук курамды тестирлөө» автоматташтырылган маалыматтык тутумунда сынактык тапшырмалардын негизинде онлайн режиминде кабыл алынарын кошумча маалымдайбыз.
Экзамен кантип өтөт:

теориялык сынакты тапшырардан мурда талапкердин ордуна башка адам тарабынан теориялык сынактан өтүүгө аракет кылбоо үчүн адамдын графикалык сүрөтү боюнча идентификациядан өтөт;

сынак тапшырмалары аралаш 20 суроодон турат, теориялык сынактан өтүү убактысы 25 мүнөт;

бардык сынак класстар видеокөзөмөл камералары менен жабдылган, алар боюнча сынак тапшыруу процессин жалпыга жеткиликтүү grs.gov.kg. сайтынан онлайн режиминде байкоого болот.

Теориялык сынактан өткөндөн кийин айдоочуга талапкер айдоочулук көндүмдөр боюнча практикалык сынактан өтүшү керек. Аны автоунаалар кыймылы үзгүлтүксүз болуп жаткан кадимки жолдо автокөлүк айдап тапшырат. Ошондой эле талапкердин жол абалын баалоо, ага өз убагында жана туура жооп берүү, ошондой эле белгилүү бир маневрларды жана иш-аракеттерди жасоо жөндөмү текшерилет.
Автоунааны айдап экзамен тапшыруу автотранспортко орнотулган техникалык көзөмөлдөө каражаттарын (аудио жана видеокаттоолорду), эки тараптуу видеокаттоону пайдалануу менен кабыл алынмакчы.