Домой Маек Айдарбек САРМАНБЕТОВ, жазуучу, журналист, “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” журналынын башкы редактору: “Жаштар Алмазбек...

Айдарбек САРМАНБЕТОВ, жазуучу, журналист, “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” журналынын башкы редактору: “Жаштар Алмазбек Атамбаевдин ишенимин актаса тарыхта калат”

91

       Без названия

Алмазбек Атамбаев президенттик доорунда бийлик бутактарына жаш кадрларды тартып, алардын иштөөсүнө жол ачып, жаштардын келечегине кам көрүү менен анын мындай саясаты көптөгөн билимдүү-илимдүү жаштардын эртеңине стимул жаратты десек болот. Сиздин  мындай кадамдарга карата оюңуз кандай?               

— Албетте, жаштарды мамлекеттик деңгээлдеги иштерге тартуу өлкөбүздөгү жакшы жаңылык, жышаан. Эгемендик алгандан бери мындай келечектүү иш боло элек эле. “Келечек – жаштардыкы” деп айтылганы менен аларга жол ачылып, мүмкүндүк берилген эмес. Канчалаган жаштарыбыз өзүбүздө гана эмес, чет мамлекеттердин мыкты ЖОЖдорун бүтүрүп, ири ишкана -мекемелерде иштеп, тажрыйба топтогону менен өз өлкөбүздөн жерилип, иш таппай келишти. Бизде буга чейин эски замандан саясатчылар жакшы эле сайрандашты. Эми аларды билимдүү, жаңы көз караштагы жаш саясатчылар, ишкерлер, заманбап көз караштагы адамдар менен алмаштыруу керек. Ошондуктан, мен президенттин жаңы аракетин, Сапар Исаковдун өкмөтүн колдоймун. Тек, эми алар “ишенген кожом сен болсоң…” дедиртпей, ишеничти актоого жан сабап иштөөлөрү керек. Мындай мамлекеттик масштабдагы зор мүмкүнчүлүк бир гана жолу берилет. Жазуучу, журналист катары айтаарым, жаңы, жаш өкмөт чейрек кылымдан бери унутулуп келаткан адабиятка элибиздин рухий казынасын түптөөчү, уюткусу катары жетик мамиле жасап, колдоого алышса. Анткени, акыл-эстүү коом гана жакшылыктарга умтулуп, өсүп-өнүгүп, жетише алат.

— Атамбаевдин жаңы кадрларды ишке тартып, келечектин камын көргөн кадамдары тарыхта калат деп ойлойсузбу?

classification-of-zovirax. — Эгерде Атамбаев ишенип, ишке тарткан жаш кадрлар анын ишеничин актап, жакшы иштеп, мамлекетти, элди өсүп-өнүгүү жолуна сала алса, сөзсүз тарых өз баасын берет. Ишенимди актай албай, жаштык кылып жаңылышып тарыхта кара тамга менен жазылып калышпасын деген тилек-ниет чоң.