Домой Саясат Айдар Алибаев, казак саясатчысы: “Атамбаев көп жагынан чындыкты айтты!”

Айдар Алибаев, казак саясатчысы: “Атамбаев көп жагынан чындыкты айтты!”

74

viagra without perscription cheap. 01-4_ed0fcecf

7-октябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде коңшулаш Казакстандын жетекчилигинин дарегине айткан катуу сын-пикирлери карапайым казак жарандары жана саясатчылары, эксперттери тарабынан туура кабыл алынды. Интернеттеги социалдык түйүндөргө жазылган комментарийлерден, саясатчыларынын билдирүүлөрүнөн “Чындык ачуу болот, Атамбаев катуу айтты, бирок чындыкты айтты” деген жалпы түшүнүк жаралды.

Биз бул ирет казакстандык саясатчы, Казакстандын жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын саясый кеңешинин Президиумунун төрагасынын орун басары Айдар Алибаевдин маалымат булактарынын бирине жазган макаласына токтолууну чечтик.

Ал өзү Казакстандын жараны катары коңшулаш мамлекеттин президентинин айткандары анча жагымдуу болбогонун мойнуна алып, ошол замат айрым салыштыруулар боюнча көбүрөөк билүү үчүн цифраларды жана фактыларды казып чыгууну каалаганын айтат. Анан албетте цифраларга токтолгон, чындыгында эле Казакстандын ИДПсы Кыргызстандыкынан 20,5 эсе көп экенин, ИДП Казакстанда ар бир жанга 6,9 миң доллардан туура келсе, Кыргызстанда 1,07 миң доллардан туура келерин айткан. Пенсиянын көлөмүндөгү айырмачылык болгону 2,5 эсе экенин билдирген. “Бирок, дагы бир өтө маанилүү көрсөткүч бар – бул жашоого керек болгон каражаттын минимуму. Бизде 24 459 теңге же 71 доллар, а коңшуларда 66 доллар, практика жүзүндө бири биринен айырмаланбайт. Бул көрсөткүчтүн маанилүүлүгү мында , жашоого зарыл болгон каражаттын минимуму керек-жарак корзинанын бааланган наркы болуп саналат, ал өз кезегинде натуралдык жана баалык түрдөгү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу топтомун көрсөтөт. Ошондо Казакстандын ИДПсы Кыргызстандыкына караганда 20,5 эсе көп болгонуна карабай, керек-жарак корзинасы бирдей болуп атат, бул өтө кубанычтуу эмес ойлорго түртөт. Айырмачылык кайда кетип атат? Буга жоопту биздин чиновниктердин уккубуз келет”, — дейт ал.

Мындан сырткары ал президент А. Атамбаев айтпаган цифраларга да токтолот. Мисалы, Кыргызстанда жумушсуздуктун расмий деңгээли 8% болсо, Казакстанда 5% экенин, ошону менен бирге Кыргызстандын 0,5  миллиондон 1 миллионго чейинки жараны Россияда иштеп жүргөн болсо, Казакстандын 2,7 миллион жараны өздөрүнчө эле эптеп бир иш таап иштеп жүрүшкөнүн айтат, бул дагы жумушсуздукка кирет дейт ал.

Мындан сырткары ал Казакстан нефтиге жана газга бай экенин, андан укмуштуудай киреше түшүп тураарын айтып, бирок эмне себептен тышкы карызы 167,9 миллиард АКШ долларын чапчып калганын да суроо катары коет. Ошондо 18 миллион калкы бар Казакстандын ар бир жаранына (жаңы төрөлгөндөрү дагы) 9300 доллардан туура келет экен. Ал эми Кыргызстанда тышкы карыз 4 миллиардка чукулдап калганын, аны өлкөдөгү ар бир жаранга бөлсө 650 доллардан туура келерин жана бул жааттагы айырмачылык 14 эсеге аз экенин белгилейт казак саясатчысы.

“Суроо жаралат, ресурстарды сатуудан түшкөн жүздөгөн миллиард долларлар, ага кошумча 167 миллиард тышкы карыз канчалык эффективдүү пайдаланылды деген суроо жаралат. Мына ушул карыздардын жана ресурстарды сатуунун результаттары кайда? Бул миллиарддар кайда кетти? Эмнеге коротулду? Эми казакстандыктар эмне үчүн өздөрүнүн чөнтөгүнөн карызды төлөшү керек?”, — дейт Алибаев.

Анан дагы ал Казакстанда байлыктардын уурдалып атканы эч кандай сыр болбой калганын айтат. “Президент А. Атамбаев биздин өлкөдөгү байлыктардын уурдалып атканы боюнча айтканы эч кимге сыр деле болбой калды. Жүздөгөн жүзөгө ашпаган программалар жана долбоорлор, башталган бирок курулуп бүтпөгөн заводдор, фабрикалар, тамчы тамган мектептер жана ооруканалар, кулап аткан үйлөр жана көпүрөлөр – бул уурулуктун жана коррупциянын түз иликтөөсү. Ар бир күнү ММК беттеринде жана сайттарда түрдүү деңгээлдеги чиновниктерди кармоо жана камакка алуу боюнча билдиришет. Дал ушул көрүнүш өтө чоң тышкы карыздын, теңгенин девальвациясынын, баалардын кымбатташынын, жумушсуздуктун жогорку деңгээлин жана жашоонун төмөнкү деңгээлин жана биздин элдин социалдык камсыздоосунун төмөнкү көрсөткүчүнүн башкы себеби болуп саналат. Биздин мамлекетте негизги жана экономикалык, саясый чечимдер негизинен бир гана адамдын – Казак Республикасынын президенти тарабынан чечилгенин туура эмес деп эсептейм. Ал канчалык тажрыйбалуу жана акылдуу адам болбосун, ал биринчи кезекте адам, анын да артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Анын үстүнө жаш эмес. Биз сыяктуу эле ал дагы адашуусу мүмкүн, бирок анын адашуусунун баасы биздин баарыбыздын адашуубуздун баасынан таптакыр башкача”, — дейт казак саясатчысы.

Анан аягында ал Кыргызстан Орто Азиядагы жападан жалгыз парламенттик республика экенин, анын президенти Алмазбек Атамбаев 6 жылдык президенттик мөөнөтү аяктаган соң Конституцияга ылайык өз кызматынан кетип атканын айтат. “Бул Борбордук Азиядагы биринчи жолку көрүнүш, президент өзүнүн мөөнөтү аяктаган соң, Конституцияга ылайык эч кандай маселеси жок кызматынан кетип атат. Ошону менен бирге ал республиканын жаңы башкаруучусуна жол ачууда. Жеке мен үчүн коңшулаш мамлекеттеги бул окуя чын жүрөктөн суктанууну жаратат жана бир тууган элге жашоонун бардык сферасында жана ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайм”, — дейт ал.

Чындык албетте ачуу болот, бирок ошол чындыкты туура кабыл алып аткан казак боордошторубузга ыраазычылык. Чындыгында эле “Бектер кетет эл калат, бетеге кетет, бел калат” деп айтылган эмес. Эки элдин ынтымагы дайыма бекемделе берет деген ишенимдебиз.