Домой Коом Айданбек Акматов, саясий эксперт, көз карандысыз журналист: “Ортомчу салсак чек ара маселесин...

Айданбек Акматов, саясий эксперт, көз карандысыз журналист: “Ортомчу салсак чек ара маселесин биз каалагандай чече албай калышыбыз мүмкүн”

239

Саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов менен чек ара маселесин Россиянын ортомчу болуп чечип беребиз дегени боюнча жана Кыргызстан кептелди деген туңгуюк  жөнүндө сүйлөштүк.

-Айданбек мырза, Россия Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара аныктоого жардам берүү ниетин билдирди. Алар мындай сунушту чырды азайтуу маскатында айттыбы? Же алардын көздөгөн башка максаты барбы?

-Москва тараптан ушундай сунуш болду. Бирок Кыргызстан менен Тажикстан өз ара сүйлөшүп, бир чечимге келе алат деп ойлоймун. Мендеги айрым маалыматтарга караганда, эки тарапта тең маселени чечели деген ниет бар. Мына ошол ниетти турмушка ашыруу үчүн тынымсыз аракет жана сүйлөшүүлөр керек. Эгерде Бишкек менен Душанбе сүйлөшө албай калса, анда кайсы бир тарапты ортомчу салууга негиз болот эле. Анан ортомчу салуу дегендик айрым ыйгарым-укуктарды мына ошол ортомчуга берүү дегендик да болот. Чек ара маселесин биз каалагандай чече албай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан бул жерде ойлоно турган маселе бар. Россиянын максатын жакшы жагына гана жооруп койсок болот: Россия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун эки мүчөсү (Кыргызстан менен Тажикстан) чек арасын тактоодо талаш-тартышка, чар-чатактарга, ал эмес ок атышууларга барып жатат. Ал келишпестикти ырбатпай, чек араны чечүүгө көмөктөшүп койсок дегендей ой-максат Москвада жаралгандыр. Москва анын геосаясий кызыкчылыгында жаткан эки республикада туруктуулук болушуна кызыкдар, бул өлкөлөрдөн мигранттар агымы дагы күчөбөсүн дегенге да кызыкдар дегендей…

-Эмне үчүн чек арада атышуу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Бул жаман симптом эмеспи?

-Чек арадагы чыр-чатак чек аранын аныктала электигине байланыштуу. Ошол чыр-чатактар бара-бара ок атышууларга алып баратканы эки тараптын тең радикалдашуу маанайынан кабар берет. Мындан бир балээ чыгып кетпейт бекен чочулоолорду жаратат. Москванын да ортомчу болуп берели деген сунушу да мына ошол чочулоодон, ок атышуулар олуттуу жаңжалга айланып, курмандыктарга алып келбесин деген кабатырлануудан кабар берет.

 -Неге мамлекет туңгуюкта кептелди деп ойлойсуз?

— Пандемияга чейин эле кыргыз мамлекетинде социалдык-экономикалык абал оор болчу. Коронавирус тумоосу ал абалды ого бетер оорлоштурду. “Чымчыкты замбирек менен аткандай” бийлик өлкөнүн экономикалык, финансылык, банктык, ишкерлик борборлору Бишкек, Ош шаарлары баш болгон аймактарга өзгөчө кырдаал киргизип, бардык экономикалык ишмердүүлүктөрдү токтотту. Вирусопсихоз айыл жерлеринде да эшиктерди бекем жаап жатып алууга алып келди. Элди коркута берип, мына ошондой абалга жеткиришти. Мунун айынан мамлекет финансы-экономикалык коллапска кабылды. Анын биринчи белгиси, айласы кетип, сырттан жалбара жардам суроо, карыздарды төлөй албайбыз, төлөө мөөнөтүн узартып бергиле деген суранычтар. Мына мурдараак Кытай карызын төлөй албайбыз деп, төлөө мөөнөтүн үч жылга жылдырды. Кытай тарап жыл сайын 70 млн. доллардан төлөнө турган карызды үч жылдан кийин 210 миллион доллар кылып төлөп бересиңер деген талапты койду. Демек, үч жылдан кийин 210 млн. долларды бир төлөп беришибиз керек. Ошентип Жээнбеков жана анын өкмөтү жыл сайын 70 млн. доллардан төлөнө турган карызды кийинки бийликке, өкмөткө жүктөп койду. Бүгүн, 29-майда бүт тышкы карызды реструктризациялоо маселесин коебуз деп чыкты. Мына ушулардын баары Кыргызстандын финансы-экономикалык абалы кандай экенинен кабар берет. Өкмөттө болсо экономиканы алдыга жылдыра турган бир да жарытылуу долбоор жок. Демилгесиз, ким эмне десе сеники туура деген баш ийкеп гана отурат. Баш айланма койдой эле болуп калды. Мына мисалы, өткөндө Жогорку Кеңеште премьер-министр Абылгазиевге суроо берилип жатканда, бир депутат алтын маселесин, ага салыкты көтөрүү маселесин көтөрдү. Абылгазиев эч муңайбастан же ойлонбостон туруп “реформаны ушул жактан баштайбыз” деп койду… Мына ушундай жеңил ойлуулук. Буларды дүйнөнүн алтын базарында эмне болуп жатканы, “Центерра” Кумтөрдөн алтынды күрөп ташып кетип жатканы, Кыргызстан алтынын Кумтөрдө эле эмес, башка алтын кендерде да таланып-тонолуп ташылып кетип жатканы ойлондурбайт окшойт. Болбосо адекваттуу чараларды көрүш керек эле. Абылгазиев болгону жеңил гана “реформаны ушул жактан баштайбыз” деп, улуу реформатор болуп койду… Эми Жогорку Кеңештин абалын көрүңүз.Төрагасынын деңгээлин көрүңүз. Жоопкерсиз, баш-аламан бийлик системасы мына ушундай туңгуюк абалга алып келди.

Булак: Багыт