Домой Коом Айданбек Акматов: Азык-түлүк коопсуздугу

Айданбек Акматов: Азык-түлүк коопсуздугу

217

Азык-түлүк коопсуздугу аскердик, энергетикалык, экологиялык сыяктуу эле өзгөчө маанилүү мамлекеттик коопсуздуктардын катарында турат. Азык-түлүк коопсуздугунун негизги түркүгү буудай, ун менен калкты камсыздоо. Бул жагынан Кыргызстанда оор маселе бардыгын таажы вирус жараткан кризис көрсөттү.
Кыргызстан буудайынын сапаты (клейковина төмөндүгү), өздүк наркы (буудай себүү көбүнчө өзүн актабайт), жердин аздыгы (жерлер менчикке берилип кеткен) боюнча маселе бар.

Кыргызстан өзүн буудай менен 25-30% гана камсыз кылат. Мунун өзү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо канчалык оор жагдай бар экенин көрсөтүп турат.

Дыйкандарыбыз көбүнчө жашылча-жемиш жана багбанчылык жагына ооп баратат. Буудай, ун Казахстандан алып келинип калган. Таажы вирус кризиси чек аралардын жабылышына, соода-саттыктын токтошуна, жүктөрдү ташууда кыйынчылыктарга алып келди. Казак өкмөтү буудай сатууга чектөө киргизди.

Мына ушулардын баары унга бааны бир калыпта кармоодо (таажы вируска чейин 1 кап ун 1300 сом болсо, азыр 2200 сомго чейин көтөрүлүүдө), керектүү өлчөмдө тынымсыз камсыздоодо кыйынчылык жаратты. Эгерде Кыргызстан кампасында өзүнүн буудай, уну жетиштүү болгондо бааларды кескин өсүшүнө жол бербегенге мүмкүнчүлүк болот эле.

Улуттук валюта сомдун курсунун туруксуздугу, күчүнүн кетүүсү да ун, ун-азыктарына баанын көтөрүлүшүнө алып келди. Анткени Казакстан жана Россиядан буудай долларга сатып алынат.

Булардын баары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо айрым маанилүү кадамдар зарылдыгын ырастады. 1)Дыйкандарды буудай себүүгө кызыкдар кылуу. Бул үчүн мамлекеттик сатып алуулар уюштуруу. 2) Кыргызстанда үрөндүн сапатын жакшыртуу. 3) Импорттук буудайдын демпингинен коргоонуу чараларын көрүү…

Айданбек Акматов