Домой Тагдыр Айдай: Кара дуба канчаларды сыздатты экен?

Айдай: Кара дуба канчаларды сыздатты экен?

650
Менин курбу кызым бир жигит менен жакшы мамиледе болуп жүрдү. Ага берилип сүйүп калгандан кийин үй-бүлөлүү экенин билди. Анан ара жолдо калды. Кыйналды, азап тартты. Бирок баш тарталбай, үй-бүлөсүн бузууга дити барбай, акырындап алыстоону чечти. Ал арада ал жигит башка кызды жандап, башка кыз менен жүрө баштады. Ага үйлөнөм деп үй-бүлөсү менен ажырашууга белсенип алыптыр.
Анын бул кылыгына жинденген курбум көзү ачыктарга барды да, кара дуба окутту. Ал жигит үй-бүлөсүн дагы, кийинки тапкан сүйүктүүсүн да таштап, курбу кызыма баш кошту. Экөө түтүн булатып жашап калышты. Мен жакамды кармандым. Кара дубанын күчүнө таңгалдым.
Ушул кара дубанын айынан канча үй-бүлө бузулуп, сыздап, канча балдар тирүүлөй жетим калды болду экен?! Кудайдан коркпогон кыз-келиндер көбөйгөнү кейитет. Жараткандын каары жаман. Күнүмдүк жыргалчылыкты ойлобой, түбөлүгүңөрдү, эртеңиңерди ойлогулачы, замандаштар!
АЙДАЙ,
«Азия Ньюс»