Экс-генпрокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун үстүнөн сот өз ишин улантып жатат. 11-апрелдеги сотто Башкы прокуратуранын мурунку жооптуу кызматкери Нуртазин Жетибаев: “Мага Өмүрбек деген бирөө чалып, Бакыт Абдыкапаровго момуну берип кой деп гезитке оролгон бир нерсени берген. Менимче, ал акча болсо керек. Менден аны Абдыкапаров келип алып кеткен”. “Тазалык” ишканасынын мурунку жооптуу кызматкерлерине жардам берем деп Абдыкапаров алган 50 миң доллар боюнча 7 адам соттолуп жатат. Алар: Бакыт Абдыкапаров, Нуртазин Жетибаев, Турсунбек Мамбеталиев, Кемел Иманов, Марат Кутанов, Канат Карымшаков жана Өмүрбек Турусбеков. Бакыт Абдыкапаров: “Менде эч кандай күнөө жок, күнөөнү Коррупцияга каршы күрөш кызматынын мурунку жетекчиси Бөкөнбай Казаков ойлоп тапкан. Анткени, ал менин аялымдын — Аида Салянованын кызматына жетпей жүргөн” деген, а балким, жомок сындуу кепти айтты. Аталгандар өз жазасын алабы же Салянованын аркасы менен соттолумуш этеби, аны көрө жатарбыз…