Домой Ден-соолук Аида Касымалиеванын анализи таза чыкты

Аида Касымалиеванын анализи таза чыкты

44

14 күндүк үй карантинде жаткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын маалымдады.

Ал толук маалыматты республикалык штаб бере турганын белгиледи. Ошондой эле Касымалиева дагы бир жолу анализди 10 же 12 күндөн кийин тапшырат.

13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынган. Учурда штаб вице-спикер менен кошо келгендердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат бере элек.