«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзам долбоорундагы эне-балага жөлөкпул жана сүйүнчү акча берүүнү Жогорку Кеӊештин бир нече депутаттары демилгелеп жатышат. Мыйзам долбоор ЖКнын 2 окууда каралып, депутаттар тарабынан жактырылды. Жөлөк пул жана сүйүнчү акча, деги эле аталган мыйзам долбоор туурасында Аида Касымалиева биздин гезитке кенен айтып берди.
securedrugshop. — Сиздер демилгелеп жаткан мыйзамды үчүнчү окууда депутаттар жактырышты буюрса. Келечегин кандай ойлойсуз?
— Буюрса биртоп депутаттар менен биз демилгелеп жаткан мыйзам долбоорду депутаттар 3 окууда жактырышты. Негизинен бардык депутатттар добуш беришти. Эгерде Президент кол койсо бул мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт.
— Эгер мыйзам иштеп калса, жумушсуздарга да жөлөк пулдар берилеби? Берилсе канча көлөмдө?
— Бул мыйзам долбоорду демилгелеп жатып, эӊ негизги максатыбыз, киреше карабай жөлөкпулдарды берүү болгон. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча жөлөкпулдар даректүү берилиши керек эле. Бирок, ал өз максатына жетпей көп аяр катмардагы үй-бүлөлөр, муктаж үй-бүлөлөр ала албай эле, орто жашаган, колунда бар үй-бүлөлөр, документ топтой алгандар же айыл өкмөтүндө же башка структураларга сөзү өткөн адамдар көп алып калышкан. Жер-жерлерде жолугушууларда дооматтар абдан көп болгон. Социалдык көйгөйгө айланып кеткен. Жаӊы мыйзам боюнча бардык үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар берилет, эч кандай документттер талап кылынбайт. Биринчи ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү жана 3 жашка чейин жөлөкпулдар берилет. 3 жаштан кийин 3-баладан баштап, ал бала 16 жашка чыкканча берилет.
— Буга чейин үйүндө пенсионер барлар же үй-бүлө мүчөсүнүн бирөө мамлекеттик кызматта иштесе балдарына жөлөк пул ала албай келишкен. Ал учурлар мыйзамда кандай каралган?
— Туура пенсияны киреше катары эсептеп, кирешеге киргизүү бул айыл жергесинде чоӊ көйгөйгө айланып келген. Азыркы учурда жөлөкпул балдары бар үй-бүлөлөргө кирешени эске алуу менен төлөнүп берилет (эгерде үй-бүлөлөнүн ар бир мүчөсүнө туура келген киреше 900 сомдон ашпаса, жөлөкпул ар бир балага 810 сом өлчөмүндө дайындалат). Бул система 1998-жылдан бери иштеп келе жатат жана тилекке каршы эскирди. Өзүӊүздөр билгендей айылдарда көбүнчө пенсиядагы ата-энеси менен чогуу жашайт. Пенсиясы киреше катары эсептелип, көбү жөлөк пул албай келген. Бул кичине адилетсиз система болуп калган. Себеби, пенсия – бул ар бир адам өмүр бою иштеп, өзүнө дары-дармегине, ден соолугуна жумшалыш керек. Ал акча жаӊы үй-бүлөнүн кирешесине эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан, жаӊы мыйзам боюнча, эгер Президент ага кол койсо эч кандай кирешеге карабайт. Биздин мыйзам боюнча байлар да алып калат экен деп жатышат. Ал туура эмес. Себеби, бул мыйзам долбоордун үстүнөн иштеп жатып биз көптөгөн изилдөөөлөрдү өткөрдүк. Бул мыйзам долбоору жакырчылыкка каршы да багытталган. Статистикага ылайык, жакырчылык негизинен 3-баладан башталат экен. Ошондуктан, 3 жашка чейин алат, 3 жаштан кийин 3-баладан алат деген пунктту киргиздик. Адилетүү система түзүлүп жатат. Баланын 3 жашка чейинки абалына карап жөлөкпулдар берилет. Ал акча тамагына, энени, баланы, үй-бүлөнү колдоого кетет. Жаӊы мыйзам ишке кирип калса жаакырчылык 4%га азаят деген божомолдор бар.
— Сүйүнчү акча 4 миӊ сом берилет экен. Аны алыш үчүн кандай документтерди толтурабыз дегендер көп болууда?
— Мугалим да, доктур да алабы деген сурооолор көп болуп жатат. Ооба, баары алат, анан эч кандай документтин кереги жок. Бир гана барып, баланын күбөлүгүн же ата-энесинин паспортун көрсөтүш керек. Бизде ички мигранттар да абдан көп, алар жеринен документ топтой албай жөлөкпул албай калышкан. Жаӊы мыйзамдын негизинде өлкөнүн кайсы жеринде болбосун ала алышат. Учурда баланы колдоо абдан керек болуп жатат. 3 жашка чейин бала сөзсүз түрдө энеси менен чоӊоюш керек, жакшы тамактаныш керек. Эч нерседен муктаж болбош керек. Акыркы изилдөөлөр боюнча балдар жакшы тамактанбай жатып, аз кандуулуктан оорулуу болуп чоӊоюп, социалдык көйгөйгө кабылып калып атышат.
— Азыр Өкмөттө бюджетте таӊкыстык болуп турган учурда 6-8 мллиард сомду мамлекет бере алабы?
— Негизнен көп жерде туура эмес түшүнүп жатышат. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча 6 миллирдга жакын сом акча бар жана ал келээрки жылдын бюджетине да каралган. Социалдык жөлөкпулдарга тийишкен жокпуз, алар сакталып калат. Оорулуулар, ВИЧ ж.б. социалдык жөлөкпулдар сакталган. Биз сунуштап жаткан мыйзам кошумча бюджеттен 1 млрд 8 млн сомду гана талап кылат. Өкмөттөн да оӊ корутунду келген. Алар булактарды караштырып 2018-жылдын бюджетин карап чыкканда биз аны киргизебиз деген. Негизинен буга чейин дагы жөлөкпул көйгөйлүү жана актуалдуу маселе болуп келген. Пенсияны кирешеден алып салуу, же болбосо кантип даректүүлүгүн чоӊойтобуз деген суроону депутаттар буга чейин бир нече жолу көтөргөн. Аталган мыйзам долбоор бюджеттен көп сумманы талап кылбайт, кирешеден пенсияны алып салган, ошол эле мезгилде эне, баланы колдогон мыйзам болуп атат. Жалпы эсептегенде 8 миллиард сом деп жатабыз. 6 миллиарды азыр каралган жана калганы азыр каралып жатат. Өкмөт жөлөкпулдардын суммасын чечет. Жылына бюджетке карата чечиле берет. Биз реалдуу сандарды алдык дегеним, буга чейин да ар кандай сунуштар болуп келген. Сүйүнчү пулдун суммасын көбүрөөк айтышкан жана башка себептер болгон. Ошонун баарын эске алганда орточо бюджетти талап кылган мыйзам долбоору. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамын ишке ашырууга 7, 965 млрд. сом каражат талап кылынат.
Азыркы учурда:
— аз камсыздуулук боюнча жолокпулду- 278 миң бала алат (89 миң үй-бүлө);
— аз камсыздуулук боюнча жолокпулдун орточо өлчөмү-875 сом;
— социалдык жөлөкпулду – 85 миң киши алат;
— социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 1,0 миң сомдон 3,0 миң сомго чейин;
— 2016-жылы мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөп берүүгө -5,4 млрд. сом каржыланган.
Төлөбүбү Касымалиева