Домой Саясат Аида Исмаилова: Сапаттуу жана жеткиликтүү медицина менен камсыз кылуу-«Биримдик» партиясынын приоритети

Аида Исмаилова: Сапаттуу жана жеткиликтүү медицина менен камсыз кылуу-«Биримдик» партиясынын приоритети

69

Сапаттуу жана жеткиликтүү медицина менен камсыз кылуу — «Биримдик» партиясынын приоритети. Бул тууралуу шайлоочулар менен жолугушууда
«Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Аида Исмаилова
билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлиги реформалоого муктаж, реформа
финансылык-техникалык анализге негизделип, сатып алуулар,
камсыздандыруу жана негизги дары-дармектерди жеңилдетилген бааларда
камсыз кылуу маселелерин жѳнгѳ салчу укуктук ченемдик актыларга
сапаттуу, ачык айкын экспертиза жүргүзүлүшү зарыл. Жеке камсыздандыруу
ар бир жарандын чегерүүлѳрүн каякка багыттоону жана кандай медициналык
жардамдарды алуусун тандоого мүмкүндүк берет», — дейт ал.

Ал белгилегендей, коронавирус пандемиясында оор күндөрдү баштан
өткөрдүк, аны менен күрөшүү оңой болгон жок. “Элде нааразычылык болду.
Бирок бейтаптарды дагы түшүнүү керек, алар да ичиндеги буктарды,
нааразычылыктарды сыртка чыгарышы керек болчу. Кимден чыгарышмак?
Албетте, бизден. Кыйын учурда ѳкмѳттүн ушул социалдык тармагын
жетектеп келдим, оор күндөрдөгү бул багыттагы иштер менин мойнумда эле.
Үй бетин көргөн жокмун, ар бир каза болгондордун, ооругандардын
тагдырларын жүрөгүмдөн өткѳрүп жаттым», — деди А. Исмаилова.

“Кыйраткыч процесстер саламаттыкты сактоо системасына да кедергисин
тийгизди, муну коронавирус эпидемиясы дагы бир жолу көргөзүп койду.
Ошондуктан сапаттуу жана жеткиликтүү медицина менен камсыз кылуу —
“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий
партиясынын приоритети”, — деди ал.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын
шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү