Учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүүдө депутат Руслан Казакпаев Кыргызстанга Кытайдан медиктер келеби деген суроо салды?
“Кытайда коронавирус менен күрөшүп жакшы жыйынтыктар болду Кытайдан врачтар келеби?”- деди депутат.
Ал эми эл өкүлүнүн бул суроосуна вице-премьер-минсир Аида Имаилова Кытайдан врачтар келе тургандыгын айтты.
-Ооба, биз кечээ Кытайдын элчиси менен сүйлөштүк. Кытайдан уруксат берилиптир, 15 медик Кыргызстанга келе турган болду. Азыр сүйлөшүүлөр жүргүзулүп жатат. Бул тууралуу бүгүн эртең билинет деди вице-премьер-министр.
Булак: Мезгил Ньюс