Үй-бүлөнү сактап калуунун идеалдуу бир формасы жок, бакыт да түбөлүктүү эмес. Үй-бүлөлүк турмушка аттанып жатып ар бир адам жубайына туруктуу болууга ант бергенине карабай ала жипти аттаган учурлар көп кездешет. Мындай мүшкүл ар бир бактылуу деп эсептелинген бүлөнүн башына түшүп калышы мүмкүн.
Ала жипти көбүнчө эркектер аттагандыктан, анын жубайы да, көңүлдөшү да курмандыкка айланат. Бул экөөнүн ортосунда айыгышкан согуш кээде тымызын, кээде ачык эле жүрөт. Жаш көңүлдөштүн оюнда атаандашы серт жүздүү, оорукчан, кыялы чыр, жүдөө зайып болуп эсептелет. Бирок ошол зайып балдардын энеси экенин, ал күйөөсүнө колдон келишинче кам көрөрүн, оорукчан болсо да эртең эле өлүмгө камданып жатпаганын көңүлдөш унутпашы керек. Анан да көңүлдөш күткөн эркек күндө бир төшөктө жаткан аялы менен төшөк мамилесин токтотот деген жомокко ишенбесе.
Ал эми эркек кишинин бүлөсүн таштап кетиши чанда кездешет. Ага бир жагынан эки же андан көп аялдын мээрими ашыктык кылбайт. Тандоосун бир аялга токтоткон күндө да, үй-бүлөсүн таштап кетүүгө эрки жетпейт. Анткен күндө да көңүлдөшү менен жаңы үй-бүлө курууга чыгынбайт. Чечкинсиздиктин айынан өзү да, аялы да, көңүлдөшү да азап тартып жүрө беришет. Көңүлдөшү жылдар бою алтындай убактысын баалабаган адамга коротуп, атаандашын жектеп, сүйүктүүсүнүн чечимин күтүп жүрүп зарыгат. Ал эми аялы түгөйүнүн башка бир аял үчүн күйүп-жанып турганын көрүп, жан дүйнөсү жаракаларга бөлүнүп, канткенде туура кадам таштаарын билбей сыздайт.
Кечириш керекпи же ажырашыш керекпи?
Ала жипти аттаган соң «Мындан аркы жашообуз кандай болот?» деген суроого жооп табуу керек болот. Балалуу болгондон кийин ажырашуу чечимин кабыл алуу абдан кыйынга турат. Андыктан кечирүүгө туура келет, албетте, үчүнчү киши болбойт деген убада менен. А бирок өмүр бою ишенбөөчүлүк менен жашап, кийинки бир чөп салуудан шекшинип жүрүп өтүү да жан дүйнөнү азаптан куткарбайт. Андыктан кечирүү керекпи, ажырашуу керекпи, жакшылап таразалап, ар бир адам өзүнчө чечимге келгени оң. Төмөндө турмуштан алынган ар кыл чечимдер жөнүндө сөз болмокчу.
Аида: “Укпай, билбей калганым жакшы”
– Максат мен үчүн бир көргөндө эле кыялымдагы адамга айланган. Ага турмушка чыкканыма тагдырыма миң мертебе ыраазы элем. Биз таанышкан күндөн баштап аны башка бир келин менен көргөнгө чейин өзүмдү чексиз бактылуумун деп эсептээр элем. Ал ала жипти аттаган соң, менин жашоом ага чейин жана андан кийин болуп экиге бөлүнүп калды. Ата-энем мени назик гүл сыңары алпештеп өстүрүп, анан Максаттын колуна тапшырышкан эле. Ал да мени ар кыл балээден сактап, идеалдуу турмуш жөнүндөгү иллюзияны түзүп келиптир. Өз башыма келген соң, эркектер бир түнгө деле, үзгүлтүксүз, бир учурда бир канча аял менен деле мамиле кура берерине ишенип, бул чындык экенине ынандым жана бул чындык кандай күчтүү аял болбосун басып саларын түшүндүм. Тегерегимде мага окшогондор көп экенин, алар ар кыл айлаларга барарын билдим. Бири тез арада көзүн карап баштаса, бири жашыруун өч аларын, а бири көңүлдөш менен мамиле такташарын билдим. Бирок мен мындай жолдорго бара албадым. Аны кармабоону чечтим. Мына ушундан баштап анын театр оюну башталды. Жалдырап, менин көзүмдү карап, бир жолу кечиришимди суранды. Белек-бечкектерди себепсиз жаадырды. Көңүлчөөк жаным аны кечирдим. Азыр экинчи балабызды күтүп жатабыз. Андан бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Бирок, чынын айтсам, бул убакыт жан дүйнөмдөгү жараларды айыктыра элек. Өткөндү эстебегенге аракет кылам. Болгону келечектен күткөнүм, күйөөмдүн солго басканын билбей эле, укпай эле койсом дейм.
Булак: Багыт