Кийинки дүйнө коомчулугун кудай урду: мамлекеттер бири-бири менен согушуп жатканы, бири-бирин каратып туруп эле алдап жатканы, кечээки досу бүгүн душман болуп жатканы, байлыктын айынан айыгышкан күрөш көз ирмем токтобой жатканы… ушундай «жаман жаткан» окуялар…
Биз орустардын саясаты менен кылым карытып келдик. Ал аргасыздыктан, эрксиздиктен болгон. Эми өз алдынча мамлекет болуп кадам шилтегенден кийин элибиз, жерибиз, байлыгыбыз, ниетибиз ж.б. өзүбүзгө гана тиешелүү болуп, өз билгенибиздей аракет кылышыбыз керек го. Жок, андай болбой турат. Күч-кубаттуулук дегениң адамдар гана арасында эмес, мамлекеттер арасында да чечүүчү орунга ээ тура… Ооба, чоң мамлекеттер кичинекейлерин капа кылып койбосун деген жоболор, мыйзамдар бар, аларды көзөмөлгө алчу эң чоң уюм-БУУ бар. Бирок, БУУңду тоготуп койбочу жагдайларды жараткан мамлекеттер бар. Мисалы, Израиль, КНДР сыяктуу мамлекеттер керек болсо БУУнун резолюцияларын уруп да койбойт.
Биз дале болсо орус саясатынын артынан самсаалагандайбыз. Мурун ошол саясатты туура көрүп турчу абалда элек да. Биринчиден, орустарга көз каранды болчубуз, экинчиден, сырткы маалымат орустар аркылуу гана келчү. Эми маселе таптакыр өзгөргөн, эркиндигибиз бар, азыр интернет деген «желмогуз» дүйнөнүн ар тарабынан маалымат алып таратып турат, «Евроньюс», «Эхо Москвы» деген ж.б. теле менен радио да «азаттык айтып» көздү ачып турганы. Ушул жерден бизди улутчулдукка алып барып такаштын кереги жок, силер чындык дегендин критерийлери менен карагыла. Бүгүнкү күнү биздин мамлекет Россия менен ынтымакта жашаса гана жолу жакшы улана турганын мен да жакшы билем…
Орус тараптын айтуусунда Украина элине жин тийип экиге бөлүнүп, жакшы жагы Донецк менен Луганск облустары болуп бөлүнүп жакшы мамлекет болгону жатканы. Ошол эки облустагы орус сепаратизми күчөп олтуруп, Россиянын колдоосуна ээ болуп, акыр-аягы Украинаны бөлүп-жарып аягы көрүнбөгөн кандуу согушка алып келип жатканын, аларга орустардын регулярдуу армиясынан жашыруун барып жардам берип жатканын орустардын айткысы жок. Ал жөнүндө бүтүндөй дүйнө сайрап жатат. Ананчы, кантип эле килейген мамлекетке-23 облуска эки облус эле туруштук бермек?! Украин президенти Порошенко айтып жатпайбы, орус аскерлеринен 8 миңи сепаратисттерге жардам берип жатат деп. Аны толугу менен калп дегенге болбойт.
Россия Украинаны каратып туруп эле, какшатып туруп эле Крымды басып алды. Эми ал кылмышын актагысы келип тарыхты казган болуп, «Крым деген илгертеден эле орус жери экендигин» айтып жатат. Эгерде тарыхты нарылап казса, анан аны чындыгынан тайдырбай айтса, анда орустун менчик жери аз эле. Азыркы жеринин 95%ы басып алган жерлер. Муну да биле жүрөлү.
Азыр Сирияда «Ислам мамлекети» деген террористтик уюм менен Башар Асаддын өкмөтү катуу согуш жүргүзүп жатат. Асаддын өкмөтүн сириялыктардын көбү колдобойт жана алар да куралдуу күрөш жүргүзүп жатат. Ал эми Россиянын аба күчтөрү террористтик уюм деген «ИМге» гана каршы эмес, бардык эле оппозициялык күчтөрдүн позицияларынын ташын-талкан чыгарып жатканы. Аны айтып чыркырап жаткан сириялыктарды жана башка элди «жалган маалымат таратып жатат» деген орустар бомбалаганын улантып жаткан учуру. Ошол бомбалоонун айынан Сирия өкмөтү менен оппозициянын сүйлөшүүсү да болбой калды. Баса, Россия айласы кеткен Асадга болушам деп күнүнө 8 млн. долларга чыгым болуп жатат экен. Муну мен асмандан алган жокмун, орустардын абройлуу гезити «Аргументи и факты» ошентип жазды.
Азыр жалган маалыматты чындык катары сунуу жагынан Россияга эч бир мамлекет жетпей турат. Россиянын Тышкы иштер министри Лавров менен БУУдагы өкүлү Чуркин жалган айтуунун чеберлери болуп чыга келди. Бул бааны жеке биз берген жокпуз, анын авторлору арбын. Бир адам калп айтса, болбосо, адамдар тобу калп айтса, анда коркунучтуу эмес, анан бүтүндөй бир мамлекеттин атынан расмий түрдө калп айтуу наадандыктын өзүдүр!
Россия былтыр эле Жогорку Нарын электрстанциялар каскадын куруп беребиз деп келишимге кол коюп, анан келишимде айтылгандарды өз ыңгайына жараша өзгөртмөй болду эле, биздин мамлекет да оңой эмес экен, келишпесең келишпе деп жообун берди — президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен келишим денонсацияланды -жокко чыгарылды. Ии, кез-кези ушинтип азууну көрсөтүп турсак жаман болбос…
Ошол каскадда буга чейин бир топ курулуштар курулуп калыптыр, 37 млн. доллар көлөмүндө каражат жумшалган экен. Бул сумма өтө эле көп деп парламент тарап шектенип, 11 кишиден турган депутаттык комиссия түзүп текшерип жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган сан үч эсеге чукул көбөйтүлгөн турбайбы. Комиссия башында «сакадай бою сары алтын» депутат Алмамбет Шыкмаматов турат экен, ал жигит далайды чукуп чыгат эмеспи…
Мына, дос, ишенген мамлекеттин кылганы. Ооба, Украинадагы сепаратисттерге жардамдашып, анан Крымды басып алган Россияны Евробиримдик менен Америка, Япония жана бир катар мамлекеттер катуу сынга алып, экономикалык санкцияларды колдонуп, алакаларын токтотту эле, «биз өзүбүзчө да жашай алабыз» деп төш какканы менен орусуңдун айласы кетип калды. Дагы аларга кудай берип койгон эмеспи, муңайзат менен газды кенен берип. Мына ошол заттар Россиянын жанын алып калып жатпайбы. Азыр орустар экономикалык катуу кризисте. Ошого карабай Сирияны бомбалап миллиондогон доллар каражатын коротуп жатат, аны менен бирге оңой эмес каражат коротуп согуштук окууларды байма-бай өткөзүп жатат, улам бир жаңы куралын жаратып жатат. «Жылаңач баатыр» деген ушундай болот. Ооба, Россияга таянбасак болбойт, бирок, өз чындыгыбызды ала жүрүшүбүз керек…
«Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр» деп ата-бабалар бизге таштап кеткен эскертүү бар. Анысы илгери жарап берчү кеңеш эле, азыр аның жараксыз абалда калган. Илгери, ошол макал чыккан кезде орусуң биротоло биз тарапты басып ала элек, мужугу көп болгону менен кубаты азыркыдай арта элек мамлекет эле да. Эми болсо, аскердик күчү жагынан дүйнөдөгү кубаттуу үч мамлекеттин бири болуп турат. Биздин «айбалта»- орустардан алган «жакшы мүлжүнгөн устукандар»- эскилиги жеткен транспортёрлор, тээ өткөн кылымдын аяк жагында колдонуудан чыккан абадан кол салууга каршы турчу ракеталар, учуп-учпаган вертолёттор ж.б. Буларды «айбалта» кылып орустардын баллистикалык ракеталарына, Т-92 танкаларына, «Су», «МиГ» тибиндеги самолётторго, «Акула» вертолётторуна туруштук бере алмак белек?! Орустун жинине тийсек, Канттагы базадагы самолёттор бир эле айланып коёт. Керек болсо, оппозицияга 10 млн. эле доллар карматып салса, биздин чакан мамлекет будуң-чаңы түшүп калар… Анткени, жалпыбыз акча дегенде өлүп баратпайбызбы! Эми бул маселени улантыштын өзү жөнсүз болор. Канткен күндө да бабалар калтырган «айбалтаны» алысыраак ыргытып, а балким, музейге тапшырып, жылмайган, жо-ок, ыржайган кебетебизден жазбай оруска кол сунуп турушубуз—турмуш зарылдыгы.
Америка биздин мамлекетти жакшы эле оюнчук кылды. Көп жылдар бою «Манас» аэропортубузда жакшы эле шапар тепти. Алардын аскерлери биздин жаранды атып да салды, адам да сүздү, кыздар зордукталды, башка кылмыштарды да жасады, бирок, жооп бермек турсун, «быш» этип да койгон жок. Анан кыргыздарды бүтүндөй кырыш керек деген кара ниеттүүлүгү үчүн, кыргыздарды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою кесилген Азимжан Аскаров деген өзбек сепаратистине сыйлык тапшырбадыбы! Мына сага! Ошону менен Кыргызстан деген мамлекетти биротоло жокко чыгарып жатпайбы! Шылдың го бир! Ошондо өкмөт башчы Темир Сариев Америка менен болгон келишимдердин баарын айдап отко салган, туптуура кылган. Эми, кечээ жакындан баштап биз Америкага кайрадан шыйпактай баштадык көрүнөт-Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков АКШнын элчисин кабыл алып «жаңы келишимдерди түзөлү» дегендей кылды окшойт. Мындай кош стандарттуулуктун кимге кереги бар?! Бизге болсо аябай зыяны тийет. Анткени, азыр биздин партнер эсептелген Россия менен АКШнын мамилеси аябай эле жаман. Анан биз ойсоктоп барып Америка менен кучакташа калсак, Россияны сатып кеткен катары эсептелбейби. Түрктөргө карата Путин айткандай, «далыга бычак сайган» болуп калбайбызбы. Бу заманда мамилени аябай тактап, баалап туруп түзүш керек. Жылмайгандарга эле ыржая бербей, тандап ыржаялы да!
Баратбай АРАКЕЕВ