Домой Саясат Ахматбек Келдибеков Салянованын тууганын «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн сотко берди

Ахматбек Келдибеков Салянованын тууганын «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн сотко берди

74

Турдалиеванын айтымында, Келдибеков анын быйыл 26-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүүсүн «ар-намысыма шек келтирди» деп, 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп, Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Турдалиева ал билдирүүсү жеке пикири экендигин жана ал жерде тастыкталбаган эч нерсе жок экендигин айтууда.

Бул боюнча Акматбек Келдибеков өзү жана анын адвокаттары азырынча эч кандай комментарий бере элек.

«Азаттык» радиосу саясатчынын өкүлү менен байланышканда маалыматты адвокат берерин айтты. Адвокат “азырынча эч кандай маалымат, комментарий бере албасын” билдирди.

Булак: Азаттык