Домой Коом Ага Хан Фонду жана USAID өлкөнүн түштүгүндөгү 5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөттү.

Ага Хан Фонду жана USAID өлкөнүн түштүгүндөгү 5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөттү.

85

Ага Хан Фонду жана USAID COVID-19 менен күрөшүү алкагында 5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.


Ага Хан Фонду(AKF) жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашаган муктаж үй-бүлөлөрдү пандемия учурунда колдоо үчүн 9 миллион сомдон ашык каражат бөлдү.

AKF жана USAID бул сумманын бир бөлүгүн үч миң муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун сатып алууга жумшады. Дыйкандардын жашоосун жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 4,5 млн сомдук буудай, пияз жана сарымсактын үрөнү сатылып алынып, 2374 үй-бүлөгө таратылды.

Мындан тышкары, мал чарбасын колдоо жана өнүктүрүү үчүн 180 миң сомдон ашык суммага жасалма жол менен уруктандыруучу жабдыктар сатылып алынып, орнотулду.

Так жана өз убагында көрсөтүлгөн жардамдар үй-бүлөлөргө жана фермерлерге өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Бул каржылоолор экономикалык өсүүнү камсыздоо, инфраструктураны жакшыртуу, жарандардын жана жергиликтүү институттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, плюрализмди жана коомдук биримдикти жайылтуу үчүн инновациялык чечимдерди издөөгө жана ишке ашырууга багытталган “Жергиликтүү өзгөрүү” биргелешкен долбоору аркылуу жүргүзүлүүдө.

булак: yntymak.kg