Ош шаарында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду абактан бошотууну суранып, видеокайрылуу жаздырган топтун арасынан эки адамды милиция кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 11-июнда Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди:
«Кимсановдун тааныштары, достору, Ош шаарынын жаштары флешмоб уюштуруп, президентке видеокайрылуу жасашты. Райымбек Матраимовду да айтып кетишти, ага да кайрылуу жасашты. Видеокайрылуу кечээ чыкты, кечээ эле түндө милиция кызматкерлери балдарды алып чыга башташты. Эки баланы шаардык милицияга алып кетишти».
Адвокаттын айтымында, милиция Кимсановдун эки тарапкеринин кармалышын алардын видеокайрылууну коронавируска байланышкан карантин учурунда тартканы менен негиздөөдө.
Видеокайрылуу буга чейин социалдык тармактар аркылуу таратылган.
Сүйүнбаева ошондой эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Кимсановдун бөгөт чарасын 16-августка чейин узартып, аны борбор калаадагы №1 тергөө абагынан Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.
“Азаттык” Ош шаардык милицияга кайрылып, адвокаттын маалыматтарына комментарий сурады. Азырынча жооп ала элек.
Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин токмоктоо тууралуу арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.
Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.
Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.
Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан.
Булак: Азаттык