Юристтин айтымында, Атамбаев абактагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон менен, бул жетишсиз. Ага квалификациялык медициналык жардам жана толук текшерүү керек.
«Ошондуктан мен Атамбаевди клиникага жиберүүнү өтүнүп жатам. Мындай кан басымы менен адам тергөө абагында кала албайт», — деди Слесарев.
Атамбаевдин ден соолугу начарлаганын жактоочулар апрель айынын орто ченинен бери айтып келе жатат. Бирок УКМК мурдагы ажонун абалы туруктуу, медициналык көзөмөлдө деп билдирген.
Алмазбек Атамбаев былтыр 8-августта кармалып, ошол бойдон УКМКнын тергөө абагында. Ал Кой-Таш окуялары жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча бир нече оор беренелер менен айыпталып жатат.
Өзгөчө абалга байланыштуу соттор ишин токтоткону менен, Батукаевдин бошотулушу жана Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдар уланууда