Президенттик шайлоого катуу таскак менен бараткандардын бири Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарында тураарын жакшы билебиз. Бирок, үгүт иштерине өзүнүн каражатын эмес, казак олигархтарынын каражатын сарптоону туура көргөнүн да маалымат булактары аркылуу билдик. Ал үчүн сентябрь айынын баш чендеринде Ысык-Көл жээгинде эки күн кечке казак олигархтарын катуу сыйлап, анан алардан миллиондогон суммадагы (доллар менен) финансылык колдоо алууну макулдашканын уктук. Андан сырткары Казакстандын президенти менен да жолугушуп келди.
Мына ушул талапкер өлкөбүздүн региондорун кыдырып, эл менен жолугушууларында «Бийлик административдик ресурсун колдонуп атат» деген сөздү көп кайталоодо. Албетте, бул сөздүн «эски пластинка» экенин элдин баары билет. Бүгүнкү күндө Акаев менен Бакиевдин маалындагыдай административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Себеби, бийлик бир гана адамдын колунда эмес. Бүгүнкү күндөгү бийлик бутактарында бир нече партиянын өкүлдөрү бар, алардын ичинде оппозициялык партиялар да бар экенин жашырууга мүмкүн эмес. Анан кайдагы административдик ресурс? Деги эле азыр мындай маселе жок экенин акыры моюнга алыш керек го.
Андан көрө добуштарды акчага сатып алуу өнөкөтү айыкпай атканы тууралуу сөз кылуу керек. Ошол «административдик ресурс» деп тоту куш болуп аткан талапкер өзү элдин добушун акчага сатып алуу аракеттерин жасап атканын кантип билбей калалы? Муну тастыктай турган фактылар да, күбөлөр да өтө көп. Ар бир добушту ал 7 миң сомдон 10 миң сомго чейин баалоодо. Жакында эле бул талапкердин өкүлдөрүнүн бири добуштарды акчага сатып алуу аракети менен кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бирок, мына ушундай кыңыр иши ачыкка чыгып калганына бул олигарх-талапкер уялып калгандын ордуна, кайра бет тырмоочулук кылып, «муну бийлик атайын заказ кылды» деп чыкты. Ошондо Бабановдун ордуна анын өкүлүнө акчаны бийлик берип, «шайлоочуларга таркат» деген болобу? Кичине чоңураак адам ишене тургандай шылтоо табышбайбы десең.