Домой Коом Адистештирилген окутуу бажысында радиациялык порталдын мониторлоруна техникалык тейлөө жүргүзүү боюнча тренинг өткөрүлдү

Адистештирилген окутуу бажысында радиациялык порталдын мониторлоруна техникалык тейлөө жүргүзүү боюнча тренинг өткөрүлдү

18

Адистештирилген окутуу бажысында радиациялык порталдын мониторлоруна техникалык тейлөө жүргүзүү боюнча тренинг өткөрүлдү

Адистештирилген окутуу бажысында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү үчүн радиациялык порталдын мониторлоруна (РПМ) техникалык тейлөө жүргүзүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Иш-чара 2023-жылдын 13-17-мартында өттү.

Окутуу Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин алдындагы АКШнын Энергетика министрлигинин Ядердик материалдарды аныктоо жана контрабандасын алдын алуу программасы менен биргеликте уюштурулган.
Тренинг Өзбекстан Республикасынын эксперттерин тартуу жана Кыргыз Республикасынын «ВМФ Групп» ЖЧКнын өкүлдөрүнүн техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

Бардыгы жаңы билимге Өзбекстандын 2 өкүлү, 4 бажы кызматкери ээ болушту, окуунун жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.