«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага басым катары баалайт. Бул тууралуу аталган комитет тараткан билдирүүсүндө айтылат.
Комитет “элдин эркин маалымат алуу укугун чектөө, альтернативдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, аларды коркутуп-үркүтүү демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттерге жат көрүнүш болушу керектигин» белгилеген. Ошондой эле комитет мүчөлөрү эркин жана оппозициялык медиага болгон кысымды токтотууга чакырды.
“Апрель” каналынын мүлкүн камоого алууну буга чейин “Интерньюс” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да сынга алып, бийликти мындай иш-аракеттерди токтотууга чакырган.
9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камоого алган.
Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык канал оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары камоого алынганын билдирген.