Домой Саясат «Адилет»: Прокурорлордун адвокаттарга кысымы жаңы деңгээлге чыкты

«Адилет»: Прокурорлордун адвокаттарга кысымы жаңы деңгээлге чыкты

40

«Адилет» укуктук клиникасы адвокаттардын суракка чакырылышы жана коркутууга кабылышы боюнча билдирүү таратып, укук коргоо органдарынын жактоочуларга басымы күчөгөнүн сынга алды.

— Көз карандысыз адвокаттарга кысым жасоо үчүн Башкы прокуратура тарабынан мыйзамды одоно жана орой бузуу аракетине Кыргызстандын коомчулугу дагы бир жолу күбө болду. Кыргызстандын мыйзамдарында адвокаттык ишмердүүлүккө кийлигишүүгө жол бербөөгө кепилдик берилгенине карабай тергөө органдары адвокаттарды суракка чакырып, адвокаттар коргоп жаткан кардарлардын иши боюнча документтерди талап кылууда. Мындай олуттуу мыйзам бузуу бийлик органдарынын мыйзамды так жана бирдей аткарышын көзөмөлдөөгө милдеттенме алган башкы конституциялык орган тарабынан жасалып жатканы кейиштүү көрүнүш. Кыргызстандын тарыхында прокуратура кызматкерлери тарабынан мындай ашыкча башаламандык болгон эмес жана алар мыйзамсыздыктын жаңы деңгээлине чыгышты, — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүк эмес укуктук клиника мындай тенденция соңунда адвокаттык институтту укук коргоо органдарынын толук басынтуусуна алып келерин, ал миңдеген жарандардын тагдырына терс таасир этерин эскертет.

«Адилет» укуктук клиникасы билдирүүсүн өз сайтына жарыялады.

Өткөн жумада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан Сергей Слесарев жана Замир Жоошев, мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. ​«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси, адвокат Нурбек Токтакунов коркутууга кабылганын билдирген.

Булак: Азаттык