Домой Саясат Адамкулова “апитити чоң” орун басарын тыйбайбы?

Адамкулова “апитити чоң” орун басарын тыйбайбы?

117

Нурзак АсанбековЖусуп Баласагын  атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жакында эле  (чарба маселеси боюнча) проректору болуп шайланган 55 жаштагы Асанбеков Нурзак  жана башкы бухгалтери Ольга айым окуу жайдагы финансылык мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн 100 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул ишти ИИМдин  5-Башкармалыгы жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери ишке ашырышкан.  Кыргызстандын эң башкы окуу жайы болгон бул ЖОЖдогу мындай көрүнүш окуу жайдын мурдагы ректору Исамидиновдун чаап кеткен арыгынан дале “ылай суу” агып жатканынан кабар бербейби? Улуттук университетке ректор болуп келген Чынара Адамкулованы  “реформа жасап, мурдагы ректордун чалып кеткен боткосун тазалап жатат”- деп мактап жатышты эле. Жакында эле, башкы бухгалтер мугалимдердин айлыгын оңдуу бербей жатканы тууралуу ЖМКларда сөз болгон. Ал эми Нурзак мырза, буга чейин аталган окуу жайдын “Аралыктан окутуу” департаменти болуп иштеп келген. Демек, Адамкулова аны өзүнө орун басар кылып дайындаган.  Эми ал сөздөр бул окуядан кийин суу кечпей калды го. Негизи 100 миң сом маселеси чети эле болсо керек, дагы терең иликтесе ириген жана чириген иштер четтен чыгат го…