Домой Саясат Адамгерчиликтин бийик үлгүсүн кѳрсѳткѳн Сооронбай Жээнбеков

Адамгерчиликтин бийик үлгүсүн кѳрсѳткѳн Сооронбай Жээнбеков

75

         SAB_1284

viagra light switch. «Фейсбуктун” Аскат Максатбек уулу аттуу колдонуучусу өзүнүн башынан өткөн окуяны баяндап жатып ѳкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун бийик адамгерчилигин даӊазалаган көрүнүшкѳ кеӊири токтолгон. Биз ошол окуяны эч өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:

— 2013-жылы күз мезгилинде Ошко аскердик кызмат өтөш үчүн бардым. Ошол аскердик бөлүккө мени менен кошо Аксы, Ала-Бука, Токмок, Чолпон-Ата жактардан келген жигиттер чогуу болдук. Арабызда Токмокто балдар үйүндө чоңойгон бала бар эле. Анын бою кичинекей болгондуктан, катарга турганда да элдин эң артында туруп калчу. Бизге берген аскердик кийимдер, бут кийими да 2-3 өлчөмгө чоң экени жада калса сырттан караган адамга билинип турчу. Бизге деле чак келчү эмес, бирок бизге анча чоң эмес болгонунан атайын тигүүчүлөргө тиктирип же өзүбүз кичирейтип алчубуз. А тиги жигитти формасы дээрлик көмүп калып, жоокерди жүдөтчү.

Ошентип 1 ай өтүп, жоокерлерге тиешелүү нерселерди үйрөнүп, ант берүү үчүн камданып калдык. Ал майрамда адатта жоокерлердин ата-эне, бир туугандары же достору куттук айтып келип, унаа менен шаар айландырып, майрамдатып келишет. Салтанатка бир жума калганда командир мага “Аскат, ант берүү аземине тиги жигиттин келчү жакындары бар бекен, билчи” деп калды. Сурасам, анын жакын туугандары эле эмес, достору же сүйлөшкөн кызы деле жок экен. Жада калса, балдар үйүнө 18 жаштан кийин бара албасын билген жигит Ошто чек арада иштеп калуунун аракетин көрүп, документ чогултуп жүрүптүр. Ошол маалдарда Ош облусунун ошол кездеги губернатору Сооронбай Жээнбеков аскердик бөлүккө келип, иштин жүрүшүн билип, жоокерлердин ал-жайын сурап, бөлүк менен таанышып чыкты. 360 жоокер ант бермек, алардын арасындагы жанагы жигитти колдоп келери жок экенин, формасы чоңдук кылып жатканын мен аркылуу билген Сооронбай Шарипович “Ошол күнү келип сөз сүйлөйм. Тиги жигитти өзүм келип колдоп кетейин. Өзүнө айтпай тургула” деп кетип калган. Анан тиги жигит менен сүйлөшүп калсам ал да жакындарынын коштоп келүүсүн каалаганын айтып, жалгыз калам го деп кейигенинен, губернатор келерин билген мен “кыжалат болбо, кудай сага да колдоп-коштой турган адамды жөнөтөт” деп койгом. Ошентип, ант берүү аземи аяктады. Майрамдык салтанат аяктагандан кийин келген туугандарыбыз бизди алып кетип жатып, бизге ким болорун журналга жазып кетиш керек да. Биринин ата-энеси, экинчисинин бир туугандары, дагы башкалардын достору келишкен. Анан губернатор өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөгөндөн кийин жанагы жоокерди чакыртып алып “Бүгүн мен сенин досуң болом. Жүрү, мени менен, шаар айланып келебиз” деди. А жакындары толтурчу журналга “Оштун губернатору алып кетти” деп жазып койгула” деп кызматтык унаасына салып алып кетип калды. Анын артынан биз да жакындарыбыз менен шаар айланганы чыгып, тиги токмоктук жигитке губернатор Сулайман Тоону көрсөтүп жүргөнүн көрдүк. Ошентип, майрам – шаң аяктап, кечинде аскердик бөлүккө келдик. Тиги жигитке жоопкерчилик алган Жээнбеков “кызматты жакшы өтө” деп, жылуу коштошуп калтырып кетти. Чогулганда баарыбыз ал күндү кандай өткөргөнүбүздү айтып берип жаттык. Сөз тиги жигитке жеткенде губернатор ага шаардын кооз жерлерин көрсөткөнүн, Оштун айтылуу тандыр самсасын, лагманын жегенин айтып отурду. Губернатор ага “жигиттерге ала бар” деп 30дай самса да берип жибериптир. Ал эле эмес, кем-карчысын толуктап, жанагы өзүн көмүп жүргөн аскердик формасын да чыкыйтып өзүнө чак келгидей кылып тиктирип, бутуна бир жайкы, бир кышкы булгаары берцы алып бериптир. Ал бут кийимдерди көрүп жада калса, биз суктандык. Ошентип, эртең менен эле эч ким келбейт деп ишенип, үмүтсүз көз жашын агызган жигит кубанычы коюнуна батпай шаар жакканын, Сооронбай Шариповичтин мамилесине чексиз ыраазы болуп, арабызда кубанып отурду. Губернатор берген дем-күч тиги жигитке канат берип, үлгүлүү аскер болуп жүрүп, чек ара кызматынын отличниги деген наам да алган. Кийин ал жигит менен чалышып калсам, окууга тапшырайын деп жаткан тилегин айтканынан, Сооронбай Жээнбеков менен жакшы мамиледесиң го, ошого айтып көрбөйсүңбү дегем. Ага чалса, колдой турганын билдирип, “экзамен тапшыра бер” дептир. Ошентип, тиги жигит Кыргызстандын атынан Курган шаарына окууга кеткен. Адам артында колдогон адамы бар экенин билсе ийгилик жасаганга умтулат эмеспи, ал дагы Сооронбай Шариповичтин ишенимин актайын деп, талыкпай аракет кылып жүрүп окуу жайынан 10 миң рублдик стипендия алып жатты. Жатаканасы, тамак-ашы бекер. Стипендиясын болсо машина алам деп чогултуп коюптур. Мына эми, быйыл ал жигит окуу жайын артыкчылык менен аяктап жатат.

Өзүн жакшы жашоого түрткөн, дем-күч берген, колдоо көрсөткөн адамга ыраазычылыгын айтайын деп баягыда премьер-министрге чалыптыр. Анда ал “Сени менен сыймыктанам. Азаматсың. Окууңду бүтүп, Кыргызстанга кел. Сендей адистер бизге керек, Бишкектеги чек ара кызматына жумушка орношосуң” десе, ал жигит “Жардамыңыз үчүн рахмат, бирок мен Бишкекте жылуу кабинетте, жумшак креслодо отуруп чек арачы болгум келбейт. Чыныгы чек арачы катары мекенге кызмат кылыш үчүн региондорго барайын”,-дептир. Ошентип экөө чек арадан жумуш орду боюнча сүйлөшөбүз деп макулдашышыптыр. Ии, баса бул жигиттин кайрымдуулугун мындан билиңиз, Кыргызстанга келгенде өзү чоңоюп өскөн балдар үйунө да барып, колдон келген жардамын жасаганы жатыптыр.

Мен СДПКны колдогондорго деле кирбейм. Жээнбековду аскерде кызмат кылып жүргөндө эле көргөнүм болбосо, эч кандай туугандыгым деле жок. Болгону интернетте, деги эле коомдо учурдагы премьер-министрибиз тууралуу терс пикирлер тарап, айрымдары аша чаап шылдың кылып, адамдык абийирге чейин аралашып кетип жатканынан калыстык үчүн анын ушул жакшылыгын айтып коюуну туура көрдүм. Өзүнүн адамгерчилиги, кичипейилдиги менен бир адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп койгонуна өзүм күбө болгонумдан жазып жатам. Эгер ошондогу губернатор жетим жоокерге кол сунбай койгонунда балдар үйүнөн чыккан бала бул жашоодо эмнени көрөт эле? Турмуштун соккуларына урунуп жүрүп билиминин жогунан миграциянын агымы менен Россияда кара жумушта иштеп күн көрөт беле? Же бели ката элек 18 жашар бою кичинекей бала базарда араба түртүп жанын багат беле? Мына азыр ден соолугу чың, энергиясы толуп ташкан, толук кандуу ишке жарамдуу, билимдүү адис даяр турат. Бул – убагында “менин милдетим эмес” деп түртүп койбой, жакшылык жасаган адамдын эмгегинин акыбети.