Домой Саясат АДАМДЫ ЖҮЗҮНӨН ТААНЫЙ ТУРГАН КАМЕРАЛАРГА КООМЧУЛУК КАРШЫ

АДАМДЫ ЖҮЗҮНӨН ТААНЫЙ ТУРГАН КАМЕРАЛАРГА КООМЧУЛУК КАРШЫ

38

Кыргызстандагы “Жарандык көзөмөл комитети” кыймылы адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты. Курамына белгилүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген кыймыл тараткан билдируүүдө мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” — деп аталды. Укук коргоочу Динара Ошурахунова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бул ыкманын ачыктыгы жана жарандар үчүн коопсуздугу камсыздалмайынча адамды бетинен тааный турган системага мораторий жарыялоо керек:

Азыр соттор коррупцияга малынганы, милициянын мурдагы кызматкерлери киши өлтүрүүгө барып, кылмышкерлер менен байланышта экени айтылып жатат. Ошолор алты миллион кыргызстандыктын ар бири тууралуу маалыматка ээ болсо аларды кандай максатта колдонорун ким билет?

Бишкекте 31-октябрда «Командалык борбор» иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулганы айтылды. Борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу. Бирок коомчулуктун пикири менен эсептешпей туруп жасаган иштеринин арты жакшылыкка алып келбеши мүмкүн экенин эстеринен чыгарбоолору тийиш…

Булак: Ачык саясат