Домой Коом Адам өлүмүн тилеген Текебаевдин колдоочулары мерездиги менен элди иренжитти

Адам өлүмүн тилеген Текебаевдин колдоочулары мерездиги менен элди иренжитти

77

1-мартка караган түнү КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, өтө оор абалда ооруканага жеткирилгени маалым. Илим мырзанын сакайып кетишин тилеп, ага боору ооруп жаткандар басымдуу болуп жатканда “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Карыпбековго өлүм тилеп көпчүлүктүн кыжырын кайнатты.

Илим Карыпбеков

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев пара алганы үчүн камакка алынгандан бери анын тарапкерлери ызы-чуу салып, тергөө органдарына, жада калса сотторго басым жасоодо. Эми болсо КТРКнын жетекчиси өлүм алдында жатканда аталган имаратка бастырып барып, “Илим Карыпбеков өлүп калсын!” дегени сөз менен жеткире албай турган мерездик. Муну менен “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү коомду иренжитип, Текебаевге болгон жек көрүү сезимин кайра күчөттү.

Митингчилерге КТРКнын жетекчисинин орун басары чыкканда “ата мекенчилер” беттен алды. Ал эми Кыргыз Эл артисти Юрий Бобков аларды ынтымакка, сабырдуулукка чакырганы менен , “Илим өлүп калса кана…” дегендей кыйкыргандар болду.

Эң кызыгы эл сыйлап жүргөн Садык Шерниязов да бул окуяда чыныгы жүзүн көрсөттү. Парламенттин жыйынында УКМКнын жетекчисине күпүлдөп, Карыпбековду табалап сүйлөдү. “Мен мындай айтаар элем, негизи ушундай жалаа менен жүргөндөрдүн бары жакшы болбой жатат, мына бул жерде Илим мырза (КТРКнын директору Илим Карыпбековду айтканы) дагы айтты эле мен кыйналып жатам, түнкү үчкө чейин байкуш кыйналып жүрүп аягы мына аварияга кабылыптыр да”, — деп кырсыкка кабылган Карыпбековду табалады. Ал эми УКМКнын жетекчиси С.Шерниязовду ошол жерден оозун жаап, “бирөөнүн өлүмүн тилегенче өзүңдүн өмүрүңдү тиле” деп мат кылды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаев буга чейин “мени камап койсо бүт кыргыз эли көтөрүлүп революция жасайт” деп көкүрөк койгулаган. Бирок, Өмүрбек Чиркешовичти акча таратса да көпчүлүк эл колдогон жок. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын 100гө жетпеген тарапкерлери ар кимге өлүм тилеп, чыныгы жүздөрүн көрсөтүп элди иренжитти. Эгер булардын акылы болуп, элдин камы үчүн, мамлекеттин эртеңки күнү үчүн митингге чыкканда кырсыкка кабылган адамды табалабай, элди биримдикке чакырмак эле. Эми өздөрү билсин.