Адахан Мадумаров кыргыз саясатында узактан бери келе жаткан
фигура. Саясатчы жана мамлекеттик ишмер катары президент эле
болуп шайланбаганы менен Жогорку Кеңештин спикерине чейинки
дээрлик бардык мамлекеттик кызматтардын бир сыйра башына отуруп
чыккан. Бирок, бул кызматтарда кыргыздын ажатын ачкан, эл айта
жүргөндөй из калтыруу Адахан Мадумаровдун маңдайына
буюрбаптыр. Бүгүнкү күндө ал, ошол мамлекеттик жогорку
кызматтарда жүргөн мезгилинде кыргыз элине жасаган
кыянатчылыктарын тили менен жалап-жуктап кетире албай жүрөт. Тил
демекчи, Адахан Мадумаровдун таянганы да “а” десең “б” деп турган
кур чечендиги. Анан дагы алдындагы адамга өйдөсүнүү, баарын
билгендей басынта сүйлөө Адахан Мадумаровдун эски адаты.
Соңку мезгилдерде журналисттердин суроосуна жооп берүүнүн
ордуна кайра жакадан алмай өнөрүнө өттү. Кыргыздын “төшү түктүүгө
жолугарсың” деген дагы бир сөзү бар. Акыры жолукту. Жолукканда да
эчен жыл үзөңгүлөш жүргөн, Адахан Мадумаровдун ар бир кадамын
жакшы билген Азимбек Бекназаровго жолукту. Жолукпайт деле болчу.
Баягы тим туралбаган тилинин азабын тартып жатат.
Учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган
Азимбек Бекназаров өзүнүн басма сөз жыйынында Адахан
Мадумаровдун саясий портретин тартып берди десек да болот. Муну
Адахан Мадумаровдун күйөрмандары ага карата бийликтин чабуулу
катары кабыл алышууда. Аңдап караган адамга андай эмес. Демейде,
өзүн аппак көрсөтүп, өзгөлөрдү көөлөй бергенге маш Адахан
Мадумаров, кыргыз жерин кызга сеп бергендей эле коңшуларга
кармата берүүдө чоң салым кошуп, Бакиев бийлигинин балтасы
катары кызматы кылганын бул айтылгандардан улам өзү да тана
албайт болуш керек. Танайын десе, А.Бекназаров айтмакчы ал
документтерге койгон “талпайган” колу турат.
А.Бекназаров А.Мадумаровдун эч качан тили менен жалап-жуктап
кетире албай турган иштери тууралуу төмөнкү фактыларды келтирди:
«Казак-кыргыз чек арасы каралып жатканда Каркыра, Көк- Сай,
Токмоктун маңдайы, Маймак баардыгын казактарга өткөрүп берген.
Тарыхый документте Жогорку Кеңештин төрагасы Мадумаровдун
«макул» деген добушу менен анын колу турат. Азыркы учурда
Айбалаев менен тартышып жүрбөйбү? Чек ара боюнча меморандумда
Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы катары Адахандын колу бар.
Анын ошол кызматта туруп меморандумга кол койгонго укугу бар
беле? Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент кол койгонго укук берген
эмес. Ысык-Көлдүн жээгинде Казакстанга өткөн 50 гектар жери менен
төрт анклав бар. Алар Казакстанга мөөнөтсүз өткөрүлүп берилген.
Мадумаров, Данияр Үсөнов экөө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын
чакырып, чек араны бир күндө казактарга өткөрүп берген. Аны мурда
Шеримкулов спикер болуп турганда өткөрбөй койгон. Ал жерде да
Мадумаровдун колу турат. Кыргызстандын бүтүндүгүн ким бузуп атат?
Дагы партиясынын аты “Бүтүн Кыргызстан”, — деп какшыктады
А.Бекназаров.
А.Бекназаров Адахан Мадумаровдун саясатта “күн тийген жердин
күкүгү” болгонун да ачып берди. Айтып отурса, кайран Адахан 2005-
жылы Акаевге каршы «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» деген
кыймыл түзүшкөнүн, бирок шайлоонун алдында Мадумаров мант
берип кыймылдан чыгып кеткенин эске салды.
“Бирок мен ага карабай, көп жылдан берки саясий позициясын,
акылдуулугун, курчтугун эске алып, Бакиевге кирип, социалдык өнүгүү
боюнча вице-премьер-министр кызматына койдургам. Бирок ал
өкмөткө кирери менен биз менен эмес, дароо эле Данияр Урицкий
(Данияр Үсөнов) менен колтукташып кетти, Ошол 2006-жылдан 2010-
жылга чейин Адахандын үнү эч жерде угулган жок. Же укканыңар
барбы?”, — деп колун жайды А.Бекназаров.
Бакиев мезгилинде бийликти кандай болсо да колдон чыгарбоо, ал
үчүн бардыгына баруу саясаты күч болчу. Анткени, жек көрүмчү
Бакиев жана анын айлана-чөйрөсү элге барса кайра шайланбашын
жакшы билчү. А.Бекназаров 2009-жылы З.Курманов Жогорку
Кеңештин төрагасы болуп турганда, Баш мыйзамга “Кыргызстандын
президентин Президенттин алдындагы кеңешме аныктайт» деген
өзгөртүү киргизилгенин, ал Конституциялык сот тарабынан
жактырылганын, революция болуп кетип ал мыйзамга ишке ашпай
калганын, анын автору ушул А.Мадумаров болгонун да айтты.
Ушунун өзү эле А.Мадумаровдун көпчүлүк күйөрмандары ойлоп
жүргөндөй анын “сүттөн ак” эместигин айтып турбайбы.
Ал учурда Бакиев бийлигинин “Ак жол” деген партиясынын арааны
жүрүп утрган. Бийликтен көзү каткандардын баары эле ушул партияга
устун болуп бергиси келип, жүгүрүп турушчу. Бакиев бийлиги да оңой
эмес эле. Анан “Ак жолунун” жолун ачтыруу үчүн түрдүү амалдарды
таап турушчу. А.Бекназаровдун айтымында “Ак жол” партиясынын
арыгын чабуу үчүн ошондо эле партиялык тизме идеясын киргизүү
башталыптыр. Анын авторлору Жаныш Бакиев, Максим Бакиев,Медет
Садыркулов, анан ушул Адахан Мадумаров болуптур.
А.Мадумаровдун бүгүнкү күндө “партиялык тизме” десе аллергиясы
кармап, булуң-бурчтан чыга калып сын айтып турбаса башы ооруйт.
Өзгөчө шайлоо босогосун 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек
дегенди айтканда көздөрү жалжылдап, шилекейи чачырап кетет.
Максаты түшүнүктүү. Эптеп эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясын
бүчүлөп алып, шайлоодо бирдемеге илинип калсам дегенди ойлоп,
эки көзү төрт болуп жүргөн чагы.
Азимбек Бекназаров Адахан Мадумаров тууралуу “Чек ара боюнча
меморандумда Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы катары
Адахандын колу бар. Анын ошол кызматта туруп меморандумга кол
койгонго укугу бар беле?”, — деп жатпайбы. Ушуга кененирээк
токтолсок Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңешинин катчысы
кызматын аркалап жүргөндө “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип”,
кыргыз-тажик чегиндеги 275 метрлик жерди 49 жылга берген
меморандумга кол койгондугунун кесепети кыргыз элине катуу тийди.
Анын айынан былтыр Баткендеги чек ара аймагында катуу чыр чыкты.
Өтө өкүнүчтүүсү тажик тарабы бул протоколду эки мамлекеттин
ортосундагы кол коюлган документ катары бетке кармап “бергенсиңер”
деп жатат. Ал протокол мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан
жактырылган дагы эмес. Эч кандай күчкө, укукка да ээ эмес. Бирок,
муну тажик тарабына түшүндүрө албай убара тартуудабыз. Ал эми бул
маселе боюнча Адахан Мадумаровдун дегеле сөз жей турган түрү жок.
Азыркы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов
кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты болчу. А.Бекназаров кеп
кылган, 2008-жылы апрель айында көлдөгү төрт пансионатты
Казакстанга берүү маселесин караган Жогорку Кеңештин кезексиз
жыйынында, депутат И.Жунусов ал кездеги ЖК төрагасы Адахан
Мадумаровго жакшы эле катуу айтыптыр: “Урматтуу төрага! 49 жылга
берсек бизде калат деп жатасыз. 49 жыл жыл эмес 9 жылга берсеңиз
да кайра алалбайбыз. Мына Советабадды Өзбекстанга 25 жылга
бергенбиз. Мен өзүм ошол жерлик болом. Ошол жерде “Карабагыш”
деген кыргыздын айылы калып кетти. Келишимдин бүткөнүнө 20 жыл
өттү. Эми бир сотых эмес, бир метр жерин алалбайбыз.
Шахимардандын канча жылга берилгенин билбейбиз. Аны да
алалбайбыз. А биз эми минтип Казакстанга 49 жылга берели деп
жатабыз. Сиз бир эле жылга берип көрүңүз, бир жылдан кийин да
алалбайсыз…Өзбекстандын “Рахат” пансионаты бар көлдө. Эртең
алар чыгат, эмне үчүн Казакстанга бересиңер, бизге бербейсиңер
деп…49 жылдан кийин биздин балдарыбыз “Ак жол” партиясынын
атынан берип коюптур деп айтышабы…Биз ага жол бербешибиз
керек..Туристтер келбей коет деп жатасыңар…Ушул төрт пансионатты
бербей койсок эле Россиядан же башка жактардан “силер Казакстанга
бербей коюпсуңар” деп келбей коймок беле?”
Мындан көрүнгөндөй Адахан Мадумаров арыгын түздөгөн
парламенттеги “Ак жол” партиясы акыры көлдөгү төрт пансионатты
берип тынган. Кийин Өзбекстан дагы ушундай маселе коюп, азыр эл
аралык сотторго берип жүрөт.
Ошону менен Адахан Мадумаров канчалык жаагы карышканча эл
деп айтпасын, иш жүзүндө тескерисинче элге кесепетин тийгизип
келгенин “үзөңгүлөшү” А.Бекназаров ачып бериптир.
Эсен Шүкүров