3- сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузгандыгына байланыштуу шайлоого каттабай койгон. Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты:
«Колубузду кууштуруп отуруп калбайбыз, укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз».
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстандын” курамында шайлоого барууга аттанып кийин тизмеден чыгып калган Турсунбай Бакир уулу нааразы болуп, партиянын үстүнөн БШКга даттанган.